БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкекте митинг өткөрүүгө салынган тыюу 30-июнга чейин узартылды

Бишкекте митинг өткөрүүгө салынган тыюу 30-июнга чейин узартылды

Интернеттен алынды

Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө салынган тыюу 30-июнга чейин узартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматты 1-апрелде кабарлады.

Маалыматка караганда, сот Биринчи май райондук администрациясынын "тынч митинг өткөрүүгө тыюу салуу ордун чектөө" тууралуу арызын 29-мартта карап, канаттандырган. Ага ылайык, Бишкектин төмөнкү жерлеринде митинг өткөрүүгө болбойт:

- "Ала-Тоо" аянты;

- Эркиндик проспектиси — темир жолдон Чүй проспектисине чейин;

- Президенттик администрациянын жана ЖК имаратынын жанында;

- Панфилов паркында;

- Таттыбүбү Турсунбаева атындагы скверде;

- Жогорку соттун алдында;

- Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында;

- УКМК имаратынын жанында.

Ала-Тоо аянтында өткөрүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чаралар бул чектөөгө кирбейт.

Бишкектин борбордук бөлүгүнө митинг өткөрүүгө тыюу салуу чечими 2022-жылдын март айында кабыл алынган. Буга чейин борбор калаанын айрым жерлеринде митинг өткөрүүгө тыюу салуу мөөнөтү 2024-жылдын 31-мартына чейин узартылган. 

Автор: Осмонова Айдана > 509 статей