БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкекке дагы 124 автобус келди

Бишкекке дагы 124 автобус келди

Жаңы келген автобусттар

Бишкек шаарына дагы 124 даана автобус келди. Узундугу 10,5 метр болгон техникалар газ менен жүрөт.

Мэриядан билдиришкендей, автобустар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан каржыланган "Жашыл шаарлар 2, терезе 2" программасынын "Бишкек автобустары"программасынын алкагында ишке ашкан. Долбоорду колдоого Жапониянын өкмөтү да грант бөлгөн.

Буга чейин жергиликтүү бийлик Кытай менен Кыргызстандын макулдашуусуна ылайык, шаарга жалпысынан 1000 автобус алынып келинерин айткан. Мэриянын былтыр декабрь айындагы маалыматына караганда, борбор калаада 500 автобус, 115 троллейбус каттамга чыгат.

Калаа бийлиги 30-январдан баштап коомдук транспортко болгон жол кире кымбаттай тургандыгын билдирген. Анын негизи  себеби катары жаңы алынып жаткан техникалардын чыгымын жабуу айтылган. Ага ылайык, автобус жана троллейбуста жол кире "Тулпар" картасы менен 17 сом, накталай 20 сом, MegaPay сервиси аркылуу 11 сом. Ал эми менчик автобус жана маршруткаларда 20 сомду түзөт.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей