БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Муфтий Замир Ракиев кызматтан кетти

Муфтий Замир Ракиев кызматтан кетти

Замир Ракиев. Сүрөт: Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы

Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев өз калоосу менен кызматтан кетти. Анын арызы бүгүн, 26-январда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин кезексиз жыйынында каралып канааттандырылган. Ракиевдин ордуна муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Аалымдар кеңешинин алдында түзүлгөн каттоо жана аттестациялоо боюнча комиссия ушул эле күнү муфтийлик кызматка сынак жарыялады. Талапкер болууну каалагандар 27-январдан 6-февралга чейин талап кылынган документтерди тапшырса болот.

Замир Ракиевдин кызматтан кеткен себеби азырынча белгисиз. Ал Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчылыгына 2021-жылы июнда шайланган.

Муфтийдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Самидин Атабаев 51 жашта. Ал Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Комсомол айылында төрөлгөн. 1991-1995-жылдарда Бишкектеги Азрети Умар атындагы Кыргызстан Ислам институтун жана 2002-2006-жылдары Орусия Ислам университетин аяктаган. 2016-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтунун бүтүргөн.

2015-жылы Ош облусунун казысы болуп дайындалган.

Автор: Осмонова Айдана > 509 статей