БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкекте 45 кабаттуу мейманкана курулат

Бишкекте 45 кабаттуу мейманкана курулат

Сүрөт- Президенттин фейсбук баракчасы

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы алгачкы көп функциялуу “Manas Tower 45” мейманкана комплексинин курулушунун пайдубалына мезгил кутусун салды. 


Маалыматка караганда, мындай көп кабаттуу комплекс өлкө тарыхында алгачкы ирет курулуп жатат. Аны ишке ашырууга Президентинин Иш башкармалыгы жана чет элдик инвесторлор катышууда. Курулушту 2026-жылда бүткөрүү пландалууда.

Долбоор боюнча комплекс 45 кабаттуу имараттан туруп, анын ичинде беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор, жыйындар залы, ресторандар, гипермаркет, 20 миңден ашуун соода аянттары жана жер алдында 600 жеңил унаага ылайыкташкан автотоктотмосу болот.

Мындан сырткары Жапаров ал имараттын эң үстүндө тик учак аянтчасы жана панорама аянтчасы болоорун билдирди.Бул учурда соц тармак колдонуучулары Асман шаары калтырылып калдыбы? -деген суроолорду коюп жатышат. 

Эске салсак: Ысык-Көлдө 30-июнда “Асман” шаарынын курулушуна капсула салуу иш-чарасы болгон. Долбоор боюнча шаар “акылдуу шаар, соода-сатык, спорт жана көңүл ачуу” багытында төрт бөлүккө бөлүнөт. Шаарда жогорку ылдамдыктагы поезд жүрөт, электрмобилдерди кубаттоочу жайлар менен жабдылат. Эл аралык дэңгээлдеги көп тилкелүү аба майданы курулат. Жети жылдыздуу мейманканалар жана көңүл ачуучу казинолор болот деп маалымдалган. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 310 статей