БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкекте 55 жаштагы аял антибиотик сайылгандан кийин каза болгону айтылды

Бишкекте 55 жаштагы аял антибиотик сайылгандан кийин каза болгону айтылды

Сүрөт интернеттен алынды

26-ноябрда Бишкек шаарына караштуу №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 55 жаштагы аял каза болду. Саламаттыкты сактоо министирлигинен билдиришкендей, ага антибиотик сайылгандан кийин башы айланып, аба жетпей эсин жоготкон. 

Тилекке каршы, аялга медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай ошол жерде каза болгон.
Министрлик маркум жашаган жери боюнча кардиоревматологдун көзөмөлүндө турганын билдирди. Антибиотикти дарыгер дайындаганы, ал буга чейин дарыны алып жүргөнү айтылды. 

"Аял жашаган жери боюнча каттоодо турган жана митралдык клапандын жетишсиздиги, сол дүлөйчө көңдөйүндө тромб, 3-4-класстагы жүрөк жетишсиздиги боюнча кардио-ревматологдун көзөмөлүндө болгон. Антибактериалдык дарыны врач жазып берген. Бейтап бул антибиотикти мурда алган. Алдын-ала анализ көрсөткөндөй, бул антибиотик Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана сапаттык экспертизадан өткөн", -деп маалымдады министрлик.
 

Учурда окуянын жагдайлары иликтенип жатат.

Автор: Улукбек кызы Асем > 310 статей