БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Социалдык-психологиялык жардам көрсөтүүчү мекемелерге эң көп аялдар кайрылат. Инфографика

Социалдык-психологиялык жардам көрсөтүүчү мекемелерге эң көп аялдар кайрылат. Инфографика

Иллюстративдик сүрөт

Улуттук статитистика комитети 2022-жылы кризистик борборлорго жана башка адистештирилген мекемелерге үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары боюнча 10 миңге жакын жаран кайрылганын билдирди. Алардын 92 пайызын аялдар түзөт.

Мекеменин маалыматы боюнча, 2022-жылы социалдык-психологиялык жардам көрсөтүүчү мекемелерге жалпы 14 миң 525 адам кайрылган. Мунун ичинен эң көп, 11 миңден ашык аял жардам сурап кайрылган. Негизигнен жарандар, аксакалдар сотуна, кризистик борборлорго жана кайрымдуулук, коомдук фондорго кайрылары аныкталган.

Графика көрсөтүп тургандай эркектер көбүнчө кайрымдуулук, коомдук фонддорго кайрылса, ал эми аялдар кризистик борборлорго барган. Алардын ичинен үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары боюнча 9 959 адам кайрылган.

Зомбулук фактысы боюнча кайрылгандардын көрсөткүчү аялдарда жогору болгон. Аялдардын басымдуусу зомбулук көргөндө кризистик борборго барса, эркектер аксакалдар сотуна кайрылат.

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын жана кризистик борборлорго жана башка адистештирилген мекемелерге кайрылгандардын көпчүлүгү (39 пайызы) 18–34 жаштагы кыз-келиндер, ал эми улгайган курактагы аялдар аз кайрылышат. 

Автор: Осмонова Айдана > 510 статей