БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкекте лицензиясыз иштеген 26 косметологиялык мекеме аныкталды

Бишкекте лицензиясыз иштеген 26 косметологиялык мекеме аныкталды

Саламаттыкты сактоо министрлиги

Саламаттык сактоо министрлиги 16-17-ноябрь күндөрү Бишкек шаарындагы косметологиялык кызматтарды көрсөткөн мекемелерди текшерген. Анын жыйынтыгы менен 26 мыйзамсыз иштеген салон, кеңселерди аныкталган. 

 

Мыйзамсыз иштеп келген косметологиялык мекемелердин жетекчилерине 84 000 сом айып пул салынган.

“Аталган косметология мекемелери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин лицензиясы жок иштеп, мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп, мыйзамсыз айыктыруу менен алектенген”,- деп жазылат маалыматта.

 

Министрлик жарандарга атайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген лицензиясы бар медициналык уюмдарга кайрылууну сунуштайт.

Автор: Болот кызы Зыягүл > 39 статей