БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто асфальт заводу курулат

Ошто асфальт заводу курулат

Ош шаардык мэриясы

2024-жылы Ош шаарына муниципалдык асфальт-бетон завод жана атайын таш майдалоочу завод куруу пландалууда. Бул тууралуу Ош шаарыдык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

 

Завод Ош шаарынын Озгур айылынын аймагына курулат. Буга байланыштуу калаа башчысы Бакытбек Жетигенов тиешелүү кызматтарга мэрияга караган жерди ижарага алып, карьер кылып иштеткендерден каражаттарды өз убагында түшүүнүүнү тапшырды.

Буга чейин кум, чопо, шагыл казып алуу үчүн жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысы жылына 1 гектарга 500 сом болгон. 2023-жылдын август айынан баштап бул категориядагы жерлердин ижара акысы 1 га үчүн 300 миң сомго чейин көбөйтүлгөн.

Автор: Болот кызы Зыягүл > 39 статей