БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек мэриясы 100 троллейбусту Ошко акысыз берүүнү сунуштады

Бишкек мэриясы 100 троллейбусту Ошко акысыз берүүнү сунуштады

Интернеттен алынды

Ош шаардык кеңеши Бишкек мэриясынан акысыз берилүүчү 100 троллейбусту алып келүүгө макулдук берди. Мындай чечимди депутаттар 6-июндагы жалпы жыйында кабыл алды.

Вице-мэр Сонунбек Жунусбаевдин билдиришинче, жүз троллейбустун ичинен абалы жакшылары тандалып, 10-июндан Ош шаарына алынып келе баштайт. 

"Шаарда маршурттар эрте эле токтоп калат. Ошондуктан бул троллейбустар кечки саат 9-10 го чейин жүрүшөт. Чыгымы да аз болот. Учурда өткөрүп алуу иштери жүрүүдө", -деди ал. 

Бишкек мэриясы эл ташыган жүз троллейбусту Ош шаарына акысыз берүүнү сунуштаган токтом долбоорду шаардык кеңешке 6-июнда киргизген. Анда учурда Ош шаары чоң миграциялык агымга кабылганы, андыктан шаар бийлигинде көбөйгөн жүргүнчү агымын чечүү маселеси тургандыгы белгиленген. Ошондой эле 2025-жылдын экинчи кварталында Бишкекке 120 электробус алынып келинери, ошондон улам борбор калаада жүргүнчүлөрдү ташууда маселе жаралбай тургандыгы айтылган. 

Ошко бериле турган троллейбустар 2001-жылдан 2018-жылга чейинки мезгилде пайдаланууга берилген. Айрымдарынын иштөө мөөнөтү 15 жылдан ашканы, орточо эксплуатациялоо мөөнөтү 20 жылдан ашпашы керек экени кошумчаланган.

Эске салсак, Ошко март айында Өзбекстандан 100 автобус алынып келинген. Бирок ушул күнгө чейин каттамга чыга элек. Сонунбек Жунусбаев мөөнөтүнөн кечеңдешине видео көзөмөл камераларынын орнотулушу себеп болгонун билдирген. Коомдук траспорттор Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун эсебинен каржылык лизинг аркылуу алынды. "ISUZU SAZ LE 60" үлгүсүндөгү автобустар Өзбекстандын "СамАвто" заводунан чыгарылган. Алардын ар бири 89 миң 500 долларга бааланган.

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей