БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

БШК Баткен шайлоо округунан Бактияр Калпаевдин жеңишин тааныды

БШК Баткен шайлоо округунан Бактияр Калпаевдин жеңишин тааныды

Интернеттен алынды

Борбордук шайлоо комиссиясы Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан Бактияр Калпаевди Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп тааныды. Аталган округдан он талапкер катталып, баары шайлоого катышкан. Калпаев Баткен шайлоо округу боюнча өткөн шайлоодо 41,51% добуш алган.

Бул округда мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда сегиз арыз жана даттануу түшкөн. ​БШК даттануулар каралганын жана алар боюнча чечим кабыл алынып, мыйзамдарга ылайык жазуу жүзүндөгү жооптор берилгенин билдирди.

Буга чейин аталган бир мандаттуу шайлоо округунан Нурлан Ражабалиев Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, жыл башында депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазган. БШК кайрылууну 22-февралдагы отурумунда карап, жазган арыздарын бир добуштан канааттандырган.

28-апрелде Ош, Баткен, Кара-Суу шайлоо округдарынан бир катар депутат мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырганы үчүн кайра шайлоо өткөн. Анда №7 Ош  шайлоо округунан Бекмурза Эргешов 43.75% добуш менен алдыга чыккан. Ал эми №9 Кара-Суу шайлоо округунан Илимбек Кубанычбеков 36,16 пайыз шайлоочулардын добушун алып, биринчи орунга чыккан. БШК алар тууралуу чечимди жарыялай элек.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей