БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Царский двор" кафесинин ээси даракты кыюуга аймактык башкармалык уруксат бергенин айтты

"Царский двор"  кафесинин ээси даракты кыюуга аймактык башкармалык уруксат бергенин айтты

"Царский двор" кафесинин ээси. Сүрөт: "Т-Медиа" /Алшер Муса-Жалил уулу

"Царский двор" кафесинин алдындагы көп жылдык даракты кыюуга Ош мэриясынын "Сулайман-Тоо" аймактык башкармалыгы уруксат берген. Бул тууралуу "Т-Медиага" тамактануучу жайдын ээси Бермет Алымова билдирди. Ал уруксатты башкармалыктын жетекчиси өзү бергенин айтууда. 

Мындан тышкары Алымова келтирилген чыгымды Экотехкөзөмөл кызматына толугу менен төлөп бергенин кошумчалады. 

"Азыр бардыгы, коомчулук дагы бир эле тарап болуп жатат. Бир блогер келип тартып чыгарып койду. Бардыгы ошондон ырбап кетти. Бул жерде коом уга элек дагы көп нерселер бар. Менде даракты кесүүгө аймактык башкармалык уруксат берген аудиолор бар. Учурда мэрияга кыйылган дарактын ордуна башка бак отургузганы жер бөлүп берүүнү суранып жатам", -деди ал. 

"Сулайман-Тоо" башкармалыгынын кызматкерлери окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.  

8-январда Ош шаарынын борбордук көчөсүндөгү Ленин №324 б/2 дарегинде жайгашкан "Царский Двор" кафесинин алдындагы көп жылдык дарактын дээрлик түбүнөн кыйылган сүрөт-видеолору социалдык тармактарга тараган. Интернет колдонуучулар бул көрүнүштү катуу сынга алышкан. 

Андан соң Экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы кафенин жетекчилигине 15 дарактын жолго кооптуулук жараткан бутактарын кесүүгө гана уруксат берилгенин маалымдаган. Бирок алар бир даракты жерден эки метр бийиктиктен кесип салган. Бул үчүн кафеге 37 миң 600 сом айып пул салынган. Окуядан кийин Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы "Царский двор" менен келишимди токтотконун билдирген. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 333 статей