БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Чаткал: окуучулардын өмүрүнөн алтын кымбатпы?

Чаткал: окуучулардын өмүрүнөн алтын кымбатпы?

"Т-Медианын" коллажы

Бул таш 400 окуучу билим алган мектепти көздөй кулап жатат. Кооптуулук жаралды. Мектептин үстүндө алтын казган компания ишмердүүлүк жүргүзүүдө. Эми келечек ээлеринин билим уясын башка жакка көчүрүү керек. Суроо жаралат, чет элдик компаниянын кызыкчылыгына 400 окуучуну көчүрүү канчалык зарыл? 

Жалал-Абаддын Чаткал районунда Түркиянын мультимиллионеринин алтын казган компаниясы бар. Билет белеңиз? Компания "Эти Бакр Терек-Сай" деп аталып, 2017-жылдан бери иштеп келет. Бул жылдар аралыгында бир айылды толук көчүрүү маселеси көтөрүлүп, элдер ар тарапка чачыраган. Азыр алар кайда?

2024-жылдын 26-январы, сыртта дене тарбия сабагы өтүп жаткан. "Матиз" үлгүсүндөгү автоунаанын көлөмүндөй болгон таш мектептин үстүнө кулап жатты. Сырттагы окуучулар дүрбөлөңгө түшүп имараттын ичине кире качты. Буларды бизге айтып жаткан жаран Терек-Сайдагы Чымканаев атындагы орто мектептин дене тарбия мугалими жана айылдык кеңештин депутаты Алмазбек Сейитов. Ал бул учурду өз көзү менен көргөн жана видеого тартып алган. 

"Эч жактан эч кандай реакция болгон жок. Негизи келишим боюнча булар (ред-"Эти Бакр" компаниясы) 2022-жылы жаңы мектепти наркы /АБКнынын ордуна салып, анан бул жакта ишмердүүлүгүн кылыш керек эле да. Бирок ага карабай 400 окуучу окуган мектептин үстүнө такыратып эле децибел деген нормалар сакталган жок. Бирок билим берүүгө өтө чоң таасирин тийгизди", -дейт дене тарбия мугалими.

400 окуучу билим алган мектепке кооптулук жараткан жагдай эмнеде деп жаткандырсыз? Билим берүү мекемесине жакын жерде "Эти Бакр Терек Сай" ишмердүүлүк жүргүзөт. Бул компания жөнүндө алдыда кенен токтолуп айтып беребиз.

Ага чейин алтын казган компаниянын мектеп менен байланышкан маселеси тууралуу сөз кылалы. Компаниянын таштанды талаасы так ошол мектептин жогору жагында орун алган. Ал жерге тоо-кен топурагы төгүлөт. Бул окуядан соң мектепти бузуу демилгеси көтөрүлгөн. Бирок жаңы мектеп салынмайынча билим берүү уясын бузууга каршылыктар күчөгөн.

 "Кечээ район жетекчиси "май айында бузулат" деп маалымат берди. Ага көпчүлүк эл каршы, депутат катары бизге "Эч кандай жаңы мектеп бүтмөйүнчө бул эски мектеп бузулбасын" деген кайрылуулар келип жатат. Мисалы, 75 % "Эти Бакрдын" кызыкчылыгы, 25% мамлекеттин кызыкчылыгы. Бир жагынан ичибиз ачышып жатат. Өзүбүз окуган мектеп, бул жерде 15 жылдан бери иштейм. 75% түрк фирманын кызыкчылыгына 400 окуучунун мектебин көчүрүп, мына чаңга ууланып отурсак, жок дегенде мамлекеттин кызыкчылыгы 75% болгондо жөн эле эки колубузду көтөрүп кетет элек", -дейт А.Чымканаев атындагы мектептин мугалими, жергиликтүү кеңештин депутаты Алмазбек Сейитов. 

Кыркка жакын педагог эмгектенген жамаат деле жаңы мектеп курулмайын, эски мектеп бузулбасын деген талапты коюп турушат. Билим берүү уясы эки корпустан туруп, бири 1958-жылы курулса, экинчиси 1968-жылы түптөлгөн. Авариялык абалда да эмес. Керек болсо заманбап жабдыктар менен жабдылып, интернет туташтырылып, компютер канаалары бар. Ага карабай ушул жылдын март айында тийиштүү тараптар келип мектептин абалы менен таанышып кеткен. 

 "Акимчиликтен, ӨКМден, жер комитетинен, Арихитектура, өзүбүздүн айыл башчыбыз "Майда" деп, биздин мектепке мартта келип кетишти. Алтын казган "Эти Бакр Терек-Сай" бизге жакын иштеп жатат. Мектептен эч кандай жарака кетип, "көчсүн" деген кортунду жок. Ошондон бери эч кандай деле сөз жок. Компания аким, эл менен жолугушууда "Жер берилип калса биз заманбап мектеп куруп беребиз" деген. Ал сөзүн мен да уккам. Мугалимдердин "Эски мектеп жаңысы курулуп бүткөндөн кийин бузулса экен. Биз кирип алгандай кийин" деп отурабыз. Бузбай туруп жаңы мектеп салса деген талап бизде", -дейт мектеп директору Саракан Койчуманкулова.

 Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын айтымында, жаңы мектеп 2019-жылы башталып, 2021-жылы бүткөрүлүүгө тийиш болгон экен. Бирок бул иштер быйыл гана 2024-жылдын жазында жандана баштаган. Учурда жер бөлүнүп, мектептин долбоорун даярдоо жараяндары жүрүп жатканы белгилүү болду. Сөз болуп жаткан жаңы билим берүү уясы Ак-Терек айылына салынмай болуп турат.

"Азыр жергиликтүү бийлик "мектептин аракетин көрүүдөбүз" деп төрт күн мурун келип кеткен. Оштон атайын ушундай долбоор даярдаган адистерди чакыртканбыз. Ортодо бир пикирге келгенбиз. Бул жаңы түшө турган мектеп КРнын премьер-министринин "атайын мектептердеги окуучулардын саны боюнча 150-227 болуш керек" деген токтому бар. Ошол мыйзам актыларга ылайыктуу 225 орундуу мектепти салуу боюнча "Эти Бакр" компаниясы менен жергиликтүү бийликтин сүйлөшүүсү болуп жатат. Толук финансысы компаниянын эсебинен төлөнүп берилет. Смета проектин жасоо жергиликтүү бийликке бизге тагылган. Биз бүгүнкү күндө бул иштерди баштадык", -дейт Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Бакытбек Исабеков. 

Жаңы мектепти куруу менен эле маселе чечилип калбайт. Кайрадан алыс-жакындан келип билим алган окуучулардын коопсуздугу көйгөй жаратат" дешти. Учурда мектеп окуучуларын автобус акысыз алып кетип ташып турат. Коомдук транспортту жергиликтүү бийлик камсыздап берсе, анын күйүүчү майы компаниянын эсебинен жүргүзүлүүдө. Ишкананын келишими аяктап,  алар аймактан кетсе, кайра эле көйгөй жаралат.

 "Жаңы мектептин аты эле бар. Документин бүтүрүп атабыз. "Бузукка (ред-айылдын аталышы) курабыз" деп атат, ага элдер күндө кайрылат. Жогоруда айыл бар. Мисалы, биринчи класстын окуучусу Бузукка барып келе албайт. Автобус каттаткан учурда деле техника бир күнү бузулат. Бузулганда жаш бала жөө келе берип, биздин жаратылышты көрдүңөр коопту. Кышта жол тайгак чөө, карышкырлар бар. Суу көтөрүлөт, эртең бир жаш бала сууга түшүп жолдо бир нерсе болсо ким жооп берет? "Эти Бакрдын" 75% кызыкчылыгы үчүн окуучулар кыйналып ошол жакка барыш керекпи?", -деп суроо салды А.Чымканаев атындагы мектептин мугалими, жергиликтүү кеңештин депутаты Алмазбек Сейитов.

"Бирок азыр эми факты менен алып карап көрсөк, бул жерде 375 окуучу бар, мугалимдер менен 400 адам болот. Биринчиден, 400 адамды бир убакта ташыш көйгөй. Экинчиден, бул фирма кокусунан алтын чыкпай калса же кетип калса, баягы эле элдин арасында жашаган биз калабыз да. Аны кантип ташыйт, жолдогу коопсуздугу кандай болот? Стратигиялык пландар 5 жылдан 9 жылга чейин түзүлөт го, ошондой эле биз алдын ала арканды узун таштап көрүшүбүз керек да. Ошон үчүн биз элдин талабын айтып айткандан, ушул жакка эле куруп берсе жакшы эле", -деди Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Азамат Мырзагулов. 

Эгерде "Эти Бакр Терек- Сай" компаниясы таштанды талаасын мектепке жакын жерде уюштурбаганда, анда бүгүнкү кооптуулук жаралмак эмес экен. "Билим берүү уясы бузулуп, башка аймакка куруу зарылчыгы болбойт эле" дешти жергиликтүүлөр. Эскертсек, компаниянын сөз болуп жаткан таштанды талаасы Салпы-Сай деген аймакта орун алып, ал жерди берүүгө жергиликтүү кеңештин 11 депутаты каршы чыккан. Анын себебин айылдын, мектептин жана селдин коопсуздугун эске алганы менен түшүндүрүүдө. Анткени аймакта 2016-жылы компания чыгындысын төгүп жаткан сай аркылуу катуу сел келген.                                                            

 "Айылдык кеңешке бул маселе 2023-жылы күз айларында кирген. Айылдык депутат катары өз көзүбүз менен көргөндөн кийин мектептин коопсуздугун, сел коопсуздугун эске алып "башка жер караштыргыла" деп сунуш бергенбиз. Биздин сунушту эске албай эле өзүңүздөр көргөндөй төгүп баштады. Кийинкисин билбейм эми, кудай сактасын. Мамлекеттин кызыкчылыгын колдойбуз. Биринчи бул жакта элдин кызыкчылыгы да болушу керек. Бул жерде 11 депутаттын баары эле коопсуздукту эске алып, карап көрүңүздөр деп сунуш берген. Эч ким макул болгон эмес", -деп жооп берди А.Чымканаев атындагы мектептин мугалими, жергиликтүү кеңештин депутаты. Алмазбек Сейитов.

Жергиликтүү бийлик эмне деп жатат? 

Мындай каршылыктар менен Чаткал районунун акиминин иши деле жоктой. "Эми ал жер компаниянын таштанды төгүү жайы да" деп гана чектелди. Аткаминер "кези келсе айылдын баары көчөт" дейт. 

 

"Отвал төгүлгөн жер ошол жер да. Мектепти болсо буза турган боюнча, сиз айткан келишимде "мектеп салып бергиле" деген жүрбөйбү. Мектеп салынат, ал жер эми кооптуу. Негизи эле Терек-Сайдын ичи бүт эле кооптуу болуп атат. Келечекте ал айылды башка жака көчүрүү боюнча маселе коюлууда. Өткөндө жыйында элге "ал жерде мектеп, башка маселелердин баары коопсуз жайга көчүрүлүп, руда казып аткандан кийин ал жерде болбош керек" деп айттым эле. Себеби мектепти башка жерге куруп, баарын коопсуз жайга көчүрүп, ал жерде чаң болот, жардыруу иштери болот. Балдардын ден-соолугуна туура келбейт да", -деди Чаткал районунун акими Алтынбек Сенирбаев.

Ал эми бул жагдайга "Эти Бакр Терек-Сайдын" жетекчилиги эмне дейт? Компаниянын директорунун биринчи орун басары Нурдин Канымбетов коопсуздук чаралары көрүлгөнүн айтып, "телефонго тартып алгандар атайылап мектепке жакын көрсөтүп тасмага түшүрүүдө" деп нааразыланды. Таштанды талаасы жайгашкан жай компаниянын лицензиялуу санитардык аймагы экени айтылды. 

 

"Видеого тарткандар телефонду алат да камераны абдан жакындатып,"мына, мектептин жанында иштер жүрүп жатат, тигиндей мындай, чара көрүңүздөр" дешет. Эгер, мындай кыла беришсе, анда бул жерде кандай инвестор биз менен иштегиси келет? Бул аянтча бизде лицензиялык аянтча болуп эсептелет. Ал эми мектептин айланасы санитардык зона болуп саналат. Эгер, мындай ала турган болсок, ошол аянтчанын баары биздин лицензиялык аймакка кирет. Бирок биз өзүбүзгө зарыл болгон аянтчаны гана алабыз. Мисалы, таштанды үчүн, жол салуу үчүн, обьекттердин курулушу үчүн. Азыркы учурда бизде 2022-жылдан бери карьерлерде иштер токтогон. Азыркы иштеп жаткан мектептерге карата биз бардык зарыл болгон чараларды көргөнбүз. Биринчиден, торчо зымдар менен тосконбуз. Экинчиден, биз коопсуздук валдарын бир эмес үч жолу кылганбыз".

 "Эти Бакр Терек-Сай" Кыргызстанга качан келген? 

Эми иликтөөнүн башында убадалаган жерге жетип келдик. Сөз болуп жаткан "Эти Бакр Терек-Сай"  компаниясы Кыргызстанга качан келип жүрөт ? Алтын кен иштетүүнү кантип колго алып калды? Дегеле бул компания жөнүндө кандай маалыматтар бар?  

"Эти Бакр"компаниясы Кыргызстанда ишмердүүлүгүн 2015-жылы баштаган. Ачык булактарда фирманын директору катары Альп Тогайдын аты аталган.

 

Ал эми ОCCRPнин (Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору" сайтында да "Эти Бакр" аталышындагы компания бар. Анын директору катары Шереф Дженгиз көрсөтүлгөн. Компания 2024-жылдын 1-январынан 28-майына чейин 506 млн сом салык төккөн.

 "Эти Бакр" Түркиядагы "Cengiz Holding" компаниясынын тоо-кен бөлүмү. "Cengiz Holding" Түркиядагы беделдүү компаниялардын бири. Анын Директорлор кеңешинин төрагасы Мехмет Женгиз - мультимиллионер "Анадолу жолборсу" деген каймана аты менен таанымал. Альп Тогай Economist.kg сайтына берген маегинде 2015-жылы жарыяланган тендерге "Эти Бакр" жана "Кыргыз Алтын" биригип, "Эти Бакыр Терексай" ЖЧК биргелешкен ишканасын түзүшкөнүн айткан. Жергиликтүү басылмалар 2022-жылы Бишкекте өткөн Биринчи элдик курултайда президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы кыргыз-түрк "Эти Бакыр Терексай" алтын кен компаниясы мамлекеттин менчигине өтүшү мүмкүндүгүн жазышкан. 

2023-жылы Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде ошол кездеги экология, мурдагы жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова "Эти Бакыр Терексай" кыргыз бийлигине 317 миллион долларлык доо койгонун билдирген. Ошондой эле ал тараптар сүйлөшүүдөн кийин мунасага келгенин айткан.  Ишкананын ишмердүүлүгү башынан эле пикир келишпестиктер менен коштолуп келет. 2018-жылы "Эти Бакыр Терексайдын" аймагында жергиликтүү тургундардын катышуусунда жаңжал чыккан. Себеби Терек-Сай айылынын Мырзабаев көчөсүндөгү 62 үй компанияны лицензиялык аянтына түшүп калган.

Айылдык кеңештин депутаттары 2018-жылы сегизинчи чакырылыштын 15-сессиясында "Эти Бакр Терек-Сай" компаниясынын ишмердүүлүгүнө карата токтом түзгөн. Жергиликтүү кеңештин депутаты Азамат Мырзагуловдун айтымында, токтомдун кээ бир пунктары аткарылган, бирок 80% жерде калганын айтат. Бул жылы да ошол эле талаптарды коюшкан. 

"Эти Бакр Терек-Сай" таасир эткен дагы бир маселе Терек-Сай айылынын же 62 үй-бүлөнүн көчүрүлүшү. Компания ишин баштагандан кийин үч жыл өткөн соң бир айылды толук көчүрүү маселеси көтөрүлгөн. 2021-жылдан баштап айыл эли жаңы конушка көчө баштаган. Бирок алар жашап жаткан жерден суу чыгып баштаган. Жергиликтүү эл үйлөрү арзан бааланып калганын айтышып, нааразы болушууда. 

Журналисттер аймакка барган учурда 62 үй-бүлөнүн 18и көчүп келген экен. Бир караганда заманбап үйлөр курулган. Сонун шарттар жаралган айылга окшоп кетет. Бирок бул айылдагы ар бир үй-бүлөдө бир эле көйгөй бар. Тургундар маселесин камерага ачык сүйлөп берүүдөн баш тартышты. Бирок толук эмес, бүтө элек бир үйдүн мисалында биз көйгөйдү көрсөтүп беребиз. Мисалы, толук эмес бүткөн жер төлөөдө 10 сантиметрдей суу турат. Бул суу тартылгандан кийинки абал. Негизи 20-30 сантиметрдей суу чыккан. Азыр нугу тартылган. Бирок анткен менен бул жакта топурактар чөгүп, ичке кирип жаткан кези экен.

Улан Эсенкулов он жылга жетпеген аралыкта эки жолу жаңы үй курган. 2017-жылы жаңы үйүн баштап, үч жыл дегенде бүтүп, үстүн жапканда ал жашаган айылдын эли көчүрүлө турганы кабарланган. Кооптуу жер болгондуктан айылдагы 62 кожолукту башка аймакка которуу маселеси каралган. Жашоочулардын үйлөрү бааланып, чыгымдарын "Эти Бакыр Терек-Сай" компаниясы төлөп бере баштаган. Эсенкуловдун жаңыдан салынган үйү 900 миң сомго гана бааланып калган. Ал убакта биздин каарман ооруп калгандыктан, "ошол суммага макул болгонго аргасыз болгонмун" дейт.

 "Билбейм, менин анда түшүнүгүм жок эле да. Ушундай болот окшойт деп эле, келдим анан документ карадым, "эмне аз?" деп сурагам. "Сиздики ылай менен салынган там, ным болот, көп суммага келбейт" деп анан кийин ошондой баа коюп берди. Ал убакта мен ооругам, стресс болуп ар кандай оорулар менен ооруп жүрүп, кыскасы булар менен айтышканга бара албадым. Кошкула деп, оору менен алышым жүрүшүп сатканга туура келди да". 

Компания берген акча кичинекей бөлмөлүү чакан үйдүн 75 %ын салууга гана жеткен. Сарай курууга жана башка чыгымдары үчүн ал 150 миң сом насыя алган. Эсенкулов айыл боюнча эң арзан бааланган анын үйү экенин айтат.

Ушуга эле жетти, мына жерде бир бөлмө бар, кичине подвал бар. Анан ортосунда кичине коридор, балдардын жатаканасы. Мына ушул акча жоктун айынан эмне деп коет, бут чечкен жери жарым метрге жетпеген жер. Адам болгондон кийин той-пой кыласың да, ошондо кыйналасың", -дейт Эсенкулов.

Каарманыбыз алардын жер которгону зыян болуп жатканын айтып берди. Себеби, жаңы конуштагы дээрлик бардык үйлөрдүн астынан суу чыгып кеткен.

 "Баарыны үйүнөн суу чыккан. Ошону караштырып берсе жакшы болот. Ачыгын айтайын менин тамымдан чыкпады, туалеттен чыкты. Кошунаң эмне болсо, ошосуң да. Элдин үйлөрүнүн түбүнөн суу чыккан үчүн менден дагы чыгып кетиши мүмкүн, айтып болбойт аны. Эми ошол жарга жабышкан үчүн суудан бир аз коопсуз турабыз да. Менден бөлөктөрү бүт суунун бетинде жашашат. Ошол жерден кичине эле казса суу чыгып кетет". 

Учурда жаңы конушка 18 үй-бүлө көчүп келип отурукташкан. Айыл Горняк 2 деп аталат. Тургундардын бир тобу кызыл китеп алышса, айрымдарына тие элек.

 "Мен былтыр 6800 сом бергем, анан булар "бүтүрүп беребиз" деген. Бүтүрдү болуп, "Мамлекеттик каттоо кызматына өттү" деп, кызыл китепти бир жылдан бери ала албай келем. Бизге окшогон акча аз алгандар бүтүрө албай, кыйналып отурабыз. Бул жагына тартсаң, бул жагына жетпейт. Эми айыл өкмөткө барганың менен, акимге барганын менен ар нерсе деп коет. Ошону менен жок. Жылдар-айлар өтө берет экен да", -деди Улан Эсенкулов.

Алгачкылардан болуп жаңы конушка көчүп келгендерге бир топ убадалар берилген. Бирок алардын көбү аткарылбай калганын айтышат.

 "Мындайча айтканда көчүрдү дагы керек эмес, адамдардай кылып чыгарып койду да эшикке. "Сырткка чык" деп эле. Карап атат, бирок толук эмес, -дейт Эсенкулов.

Улан Эсенкулов ден соолугуна байланыштуу азыр жумушсуз отурат. Өзүн жана эки баласын келинчеги иштеп багат. Ал үйүн чоңойтуп алууга компаниядан дагы акча бөлүп берүүсүн сурады. Себеби, алар көчүп жатканда эгер, кеч көчкөндөргө кошумча акча берилсе, биринчи көчкөндөргө да каражат берүү убадасы болгонун айтат.

 "Ал жактан көчкөнүм өзү түйшүк болуп атат. Ошого үстүнө кичине акча кошуп берсе, жакшы болот эле. Эрнистт деген юрист деле бар болчу. Анын "бул жакта  кийинки сатылгандарга кошулуп калса, биз кошуп беребиз" деген сөзү болгон. Айтылган сөз, атылган ок дейт го, булар ошону аткарбайт да. Ошондо эгер, наркыларга кошуп берсе, кайсы тараптан болсо да түрк тараптанбы же башка мекемеденби кыскасы, кошулса силерге да кошуп беребиз деген сөздөр болгон да. Бул таамай сүйлөнгөн сөздөр. Бирок ошол убакта биз протокол жаздырып алган эмес экенбиз. Бизди алдаган. Ачык эле сөз". 

Улан Эсенкулов 10-майда бизге үйүнүн жер төлөөсүн суу каптап кеткенин айтып, видео менен бөлүштү. Ал асфальтталган жердин кайсыл жеринен суу чыкканына түшүнбөй жатат. Эсенкулов өкмөткө кайрылган.

 "Мына ушинтип менин жер төлөөмдөн да суу чыкты. 10-15 мүнөттө чыккан суу ушул. Каягынан чыгып кетти билбейм. Тиги жактан чыкты окшойт ээ? Жер төлөөнү эми жабыш керек. Муну насос менен тарттырып туруп, топурак салыш керекпи? Эмне кылабыз? Каягынан чыгып кетти билбейм. Түбү цемент эле. Кандай болгонун түшүнбөй атам. Өкмөт бизди карайбы өзү? Же карабайбы? Элге кичине көңүл бурабы?", -деп кайрылды ал.

2021-жылдан баштап Терек-Сай айылында жашаган тургундар ушул Горняк 2 айылына келип жашай баштаган. Бул жер буга чейин токой болуп турган. Айыл өкмөт менен "Эти Бакыр Терек-Сай" жергиликтүү элди коопсуз жерге көчүрүүдө токойду айылга айландырып, 62 үй бүлөгө жер даярдаган. Жергиликтүүлөр компанияга жана мурунку айыл өкмөт башчысына, акимге болгон бир канча нааразычылыгын айтышты. Алар элди эптеп көчүрүп чыгаруунун гана амалын кылды деген пикирде. Бирок камерага сүйлөп берүүдөн баш тартышты. 

"Келишимде көрсөтүлгөн нерселер жарым жартылай аткарылды. Эми кичине акча берип, "эмне кылсаңар ошону кылгыла" деп койду. Башында "баарын кыйратып жиберебиз, антебиз-мынтебиз" деп жок. А бизге жер анык болгучакты үйдү бошоткула деген да". 

Эл кызыл китепти да компания үйлөрүн алып жатканда өздөрү жасап берүүнү убадалап, бирок кийин ал аткарылбаганын айтып жатышат.

 "Кызыл китепти да өздөрү жасап бере турган болгон. Азыр менин бир сом акчам жок. Мен кызыл китеп ала алган жокмун. Өзүбүз жөлөк пул менен жашасак".

Учурда жергиликтүүлөр "алданып калдык" деп нааразы болуп жатышат. Себеби, 2021-жылы 62 үй бүлө тең макулдук берген эмес. Макул болгондору гана көчүп чыгып кетип, үйлөрүнүн акчаларын алышкан. Аким ошол убакта "эгер, кийин көчкөндөргө кошумча акча берилсе, силерге да беребиз" деп бирок убадасын мойнуна албай жатканын айтышты.

 "Эгер, аким ушул жерге келе турган болсо, мен анынөзүнө деле айтам. Кагаз түрүндө канча жолу чуркадым. Өкмөткө да чуркадым. Жеке аким өзү айткан болсо акимден талап кыласыңар деди. Акимдин өзүнө канча жолу чуркадым. Аким экен, тан албай койду. Эл сөзгө ишенип кала берет. Жергиликтүүлөр бир нерсе айта турган болсо, алардын түбүнө жетет. Акимдин түбүнө эмнеге жетпейт? Акимдин түбүнө жетиш керек". 

Горняк 2 айылында жашагандар алардан кийин көчкөндөр үйлөрүн кымбат баага баалашканын билдирди.Кошумча акча да берилген сөздөр бар экен.

"Азыр эң кызыгы аларга кошумча акча мамлекеттин өнүктүрүү фондунан келдиби же кыргыз алтындан бердиби ошону билбейбиз да, эми көчүп жаткандарга. Али көчө элек ошолорго акча берилди дейт. Бирөөнө 2 млн, бирөөнө 3,5 млн бериптир". 

Жергиликтүү тургундар камерага сүйлөп берүүдөн эч бир маселе чечилбейт деген пикирде. "Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары да келишип, жардам бере алышкан эмес" дешти. Айрым айыл тургундары "Эти Бакыр Терек-Сайда" иштегендиктен жумушунан айрылып калбаш үчүн дагы сүйлөбөөнү эп көрүштү. Алар бир гана үмүтү президентте калганын айтып жатышат. 

"Урматтуу, Садыр Жапаров. Биз бир гана сизге гана ишенебиз. Башка өкүл, башка адамдарга эч кандай ишенимибиз калган жок. Калбай да калды. Сиздин келишиңизди жана биздин көйгөйдү чечип беришиңизге ишенебиз. Сизди чыдамсыздык менен күтөбүз". 

Айыл тургундары турак жайларынын алдынан улам суу чыга берсе, "үйлөр чөгүп, эки эсе чыгымга учурайбыз" деп кооптонуп жатышат. Жергиликтүүлөр саркынды суу үчүн казган жерлеринен да, таштанды таштоо үчүн казылган жерлерден да суу чыгып кеткенин көрсөтүп беришти.

 Терек-Сайдагы кооптуу делген жерде азыр дагы 20га жакын кожолук жашайт. Алардын 12си компания менен келишим түзүп, үйүн сатканга таптакыр макул болбой жатышат. Ал эми үйүн сатууга келишим бергендерге кайрадан баалоочулар келишкен. Мурдагыга салыштырмалуу кымбат бааланганын, себебин инфиляциянын өскөнү түшүндүрүштү. Бирок канча сумма экенин айтуудан баш тартып, ызы-чуу чыгып кетиши мүмкүн дешет. Алар да камерага сүйлөп берүүгө макул болушкан жок.

 Үйүн сатпай жаткан жарандардын бири менен маек курдук. Бирок ал жарандар журналисттерге интервью берсе куугунтукка кабылып калышы мүмкүн экенин билдирип, бизге кадр сыртында маселелерди айтып берди. Эл арасынан бир канча жаран милициянын бөлүмдөрүнө каттаган. Алгач 62 үй бүлөнүн турак-жайы арзан бааланганын, ал сумма үй курууга жетпей турганын айтты. Биринчи көчүп кеткен эл аз акчага алданып калганын, кийинкилерге жашыруун кошумча акча берилгенин билдирди. Жарандар ачык айтып берүүдөн күч түзүмдөрүнөн кооптонуп жатышат.

Терек-Сайдагы 62 үй-бүлө жашаган жер алтын кендин санитардык зонасына кирип калган. 2020-жылы эл көчүп кете турган жаңы айыл түптөлүп, жер бөлүштүрүү башталган. Гарняк2 айылына жер даярдалганы менен жарандар жер алып, бирок өздөрү Ала-Букага, Жалал-Абад, Ош тарапка көчүп кетишкен. 18 үй-бүлө турак жайын салып жайгашып калган. Кийинки келишим түзгөндөргө таптакыр башка жерден жер берилген. Себеби Гарняк 2 айылынан суу чыгып кеткендиктен эл ал жерге көчүп баруудан баш тарткан. 

 "Булар ал жерге негизи ошондо эле "бул жер суу экен, бизге жакпады" деп чыңалышты. Анан ал жердеги жер суу чыгып кеткенине байланыштуу тез эле кичине баскан жерине башында ге пландар бүтүп жатканда эле, суунун нугун бура элек элек ошол жери болду. Ошондон да эле чоочулашып, булар чыңалышты да "Суу чыгып кетет экен" деп. Негизи ал эми башка жерден, ушул эле Ынтымак көчөсү эле да, ал Горняк 2 көчөсү болсо Ынтымак көчөсүнөн эле бош жаткан жерде трамбовка кылып, толтуруп суунун жээгине", -дейт Терек-Сай айыл өкмөтүнүн жер адиси Исмаил Физраев. 

Горняк 2 айылына баргандардын ондойу кызыл китеп алышкан. Калгандары каражаттын жоктугунан документтерин бүтүрө элек. Бирок айылга көчүп баргандардын тизмеси базада жок.  Документ иштерин башка жарандардын үйүнө туруп, анан бүтүрүп жатканын Мамлекеттик каттоо кызматынын Терек-Сай айыл өкмөтү боюнча адиси Чыңгыз Кыштообаев билдирди.

 "Алар жаңы көчүп барды го, көчө маселелери бүтө элек. Горняк көчөсүнөн уланабы же жаңы коюлабы деп базага кире элек. Базага кирбей калганда паспорт, аныктама үйүнө бирөөнү каттаганда ошолордун бүт баары алынбайт. Көчө такталып, үй номерлер коюлса базага кирет. Анан аларда кызыл китеби болгон техпаспортту жалпы киргизгенде ошолор базага кирет да. Ал жерде албагандарга "алгыла, эртең текшерүү болсо көйгөй жаралат" десек ошондой көйгөйлөр болуп атты да. Каттоосун башка бирөөнүн үйлөрүнө коюп алат. Документтерин алгандан кийин өздөрүнө которуп алат". 

Айыл өкмөт башчысы келишим бербей жаткан жердин кооптуу экенин, таш кулоолор жүрүп турарын айтты. Өндүрүштө жардыруулар болгондо таш кулап, жагымсыз жагдайлар болушу мүмкүндүгүн эскертип, быйыл үйлөрүн сатпай жаткан 12 кожолук көчүрүлүшү керектигин билдирди. "Ал эми үйлөрүн суу каптагандар боюнча иш алып барып жатабыз" дейт. 

"Бул жер өзү таштак келет. Терек-Сайдын бардык жагы таш. Суунун агымы ылдамдыгы аябай тез. Бул жерде жасай турган жумуш бар. Эки күн мурда "Эти Бакр" компаниясы менен мен ордуна барып көргөнбүз. Азыр суунун жээгин оор техника менен тебелетүү каралып жатат. Суунун деңгээлин 50-70 сантиметрге түшүрүшүбүз керек. Ошондо 30-34 сантиметр суу көрүнүп жатпайбы. Ушулардын баары токтойт го деп ойлоймун".

Ал үйлөр 2021-жылдары жана андан 2-3 жыл өткөндөн кийин баалангандыктан баалоодо айырмалар болгонун ачыктады. Кошумча акча берилет деген сөздөр эл тарабынан айтылганын, бирок компания аны четке кагыптыр.

 "Көчүп кеткендер келди. "Буларга канча кошуп берсе силерге да кошуп берет" дедим. Бул башталган ортодо меморандум бар. Ал чоң юридикалык күчкө ээ. Компания менен сүйлөшкөнүмдө ошол сөздөрдү четке какты. Жакынкы күндөрдө дагы иш алып барабыз, көчпөй аткан үйлөрдүн баасын карайбыз, анан бир тилге келебиз". 

Чаткал районунун акими Алтынбек Сенирбаев болсо көчүрүү иштеринде башынан баштап катышып келе жатканын айтат. Айрым тургундар көчүүдөн баш тартып, иш кечеңдегенде компания келишимди токтотуп, кетүүгө камынган. Бирок мамлекет менен келишим болуп, кышматташуу уланган экен.

Былтыркы жылы деген булар кечигип, көчпөй баштаганда түрктөр келишимди токтотуп, "Биз кетели, компания жабылсын. Биздики актабай калды эч кандай, каза турган жерибиз чечилбесе же, көчүрүлбөсө. Булар экинчи местону чечип бериш керек болчу, отвал төгө турган жерин чечип бериш керек болчу, салыктардын баары көбөйүп атса. Ушунун баары болотурган болсо бизге пайда деле болбойт экен, анда биз токтотойлу" деген. Былтыркы жылы ошолорду негиз кылып анан токтолду да. Анан компания кете турган болуп, кайра мамлекет тарабынан буга инвестиция кылыш тапшырылды, биз тараптан бул эми үйлөрдү көчүргөнгө маселесин чечели, жерин чечип берели, акыбалын чечип берели, кыскасы кызматташалы деген мамиле". 

Аким кызыл китеп боюнча маселе болушу мүмкүн эмес дейт. Ал жарандар кайрылбаганы үчүн базага кирген эмес. Эл кайрылса чечилмек деп жоопкерчиликти тургундарга түрттү. Ал эми элге "батыраак көчүп кетсеңер кошумча акча берилет" деген сөз чындыкка дал келбейт деп жатат.

"Мен кантип чөнтөгүмөн берем ойлоп көрсөңөр? Мен деле үй-бүлө багып эле айлык менен жашайм. Мен кантип берем. Компания баарын аткара бербейт. Элди жумушка алганда дагы, квалификациялык талаптарга жооп бербесе да албай жатышат. Мен кантип акча өндүрүп берем?", -дейт Алтынбек Сенирбаев. 

 Ал эми Горняк 2 айылындагы жер төлөөлөрдөн суу чыкканын турак-жайлар сууга бир метр аралыкта жайгашканы менен түшүндүрүп жатат. Башка жер жок болгондуктан ушундай окуя болуп жатканын, бирок маселе чечилет, иш алып барып жатабыз деп кошумчалады. Район башчысы Алтынбек Сенирбаев үйүн сатпай жаткандардын иши сотко барарын билдирди.

 Акыркы иш эми сот процессине барганы атат. Азыр эми "көчпөйм" дегендер бул жер азыр өзүңөр көрдүңөр таш кулап, мектепке, үйлөргө кирип. Жалал-Абаддан ӨКМдин кызматкерлери келип бүтүм чыккан. Бул жерде жашаганга кооптуу, бирөөнүн өмүрүн ала турган болсо ошол жердеги бийлик жооптуу болот. Эртеңки күнү прокуратурадан эмес түшүп атат да ар бир адамга көчүңүздөр деген, жериңиздерди айыл өкмөт таап берет. Иши кылса сот аркылуу чечилет аягы". 

 Компания үйлөр боюнча ишти райондук мамлекеттик администрациясы алып барып жатканын айтып, "баалоо иштерине кеткен каражатты гана төлөп беребиз" дейт. Ал эми келишимге барбай жаткан адамдар жеке келип, сүйлөшүү жүргүзүп жатканын билдирди.

 "Жашоочулар арасында сиз айтып жаткан 12 адам, азыр 11 адам кийинки күнү 10 адам алар индивидуалдуу өздөрү бирден келип жатышат, макул болуп жатышат. Арыз берип жатышат жана биз сатып алып жатабыз. Ал эми макул болбогондор менен жергиликтүү администрация иш алып барат. Алар жеке бирден жолугуп жатышат, сүйлөшүүдө. Тактап айтканда, райондук администрация кандай гана чечим кабыл албасын биз өзүбүз баалап чыккан сумманы төлөгөнгө даярбыз. Бул сумманы биз каалаган учурда төлөгөнгө даярбыз, биз төлөбөйбүз деп андан баш тарткан жокпуз", -дейт Эти Бакр Терек-Сай компаниясынын жетекчисинин орун басары Нурдин Канымбетов.

"Эти-Бакыр Терек-Сай" компаниясы акыркы эки жылда 3 тонна алтын өндүргөн. Дагы аймакта 39,5 тонна алтындын кору бар экени айтылды. Ушул көлөмдөгү алтындын 75 пайызын түрк компаниясы алса, ал эми 25 пайыз үлүшү Кыргызстанда калат.  Алтынды казып бүтсө компания өлкөдөн чыгып кетет, ошентип келишими жыйыктыкталат. Ал эми жергиликтүүлөр,  алардын азыр жашап жаткан көйгөйлөрүчү эмне болот? Экология, жер кыртышынын бузулушу деген суроолор болсо азыр экономиканын фонунда экинчи планда калгандай.

 Материалдын видеосу төмөндө:

Автор: Т-Медиа > 323 статей