БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Чек арасыз кабарчылар": 2023-жылы дүйнөдө 45 журналист иш учурунда каза болду

"Чек арасыз кабарчылар": 2023-жылы дүйнөдө 45 журналист иш учурунда каза болду

Сүрөт: AFP

2023-жылдын башынан бери дүйнөдө 45 журналист өз милдеттерин аткарып жаткан учурда каза болду. Бул тууралуу "Чек арасыз кабарчылар" укук коргоо уюмунун баяндамасында жазылган. Анда белгиленгендей, бул 2002-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч.

Быйыл баарынан көп журналист (23) согуштук жаңжалдар болуп жаткан аймактарда каза болгон. Алардын 17си Газа тилкесинде, Израилде жана Ливанда өлгөн. Украинада согуш башталган эки жылдан бери 11 журналист каза тапса, алардын экөө 2023-жылы каза болду.

Акыркы 20 жылдын ичинде 2012-2013-жылдары эң көп журналист (2012-жылы 144, 2013-жылы 143) иш учурунда өлгөн. Бул убакта Сирия менен Иракта согуштук аракеттер жүрүп жаткан.

2022-жылы профессионалдык милдеттерин аткарып жаткан учурда 61 журналист каза болгон.

Бүгүнкү күндө өз ишмердүүлүгү үчүн 521 журналист камакта отурат. Алардын 121и Кытайга, 68и Мьянмага, 39у Беларуска жана 28и Орусияга туура келет.

2024-жылдын башына карата дүйнө боюнча 84 журналист дайынсыз болууда. Алардын ичинен жети журналист быйыл жоголгон.

Автор: Т-Медиа > 347 статей