БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Өлкөдө кызамыкка чалдыккандардын саны 5500дөн ашты. Инфографика

Өлкөдө кызамыкка чалдыккандардын саны 5500дөн ашты. Инфографика

Сүрөт интернеттен алынды

Жыл башынан бери Кыргызстанда кызамык менен ооруган 5 миң 532 учур аныкталды. Илдетке чалдыккандардын басымдуусу Бишкек шаарынын жана Жалал-Абад, Ош облустарынын тургундары. Бул тууралуу Иммунопрофилактика борбору кабарлады. 

Кызамык менен катталгандардын 88%ын он жашка чейинки балдар түзөт. Алардын 87 пайызы ар кандай себептер менен эмдөө алган эмес. Мекеменин маалыматына ылайык, оорунун жайылышын токтотуу үчүн калктын 95% дан жогору бөлүгү эмдөөдөн өтүшү керек. Кызамыкка каршы пландуу эмдөөлөр адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашында жасалат. 

Кызамык - аба аркылуу жугуучу жугуштуу вирустук оору. Илдет эмдөө албаган же иммунитетти начар адамдарга өтө тез жугат. Бир адамдан аны менен байланыш түзгөн ондогон адам илдетти жуктуруп алышы мүмкүн. Вирустар адам жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, чүчкүргөндө абаны булгайт. Оору соо адамга вирустар менен булганган абадан дем алганда жугат. Кызамык менен бардык жаштагы кишилер ооруйт. Инкубациялык мезгили 16-21 күн.

Кызамыктын белгилери:

- 38-40°Сга чейин жогорку температура;
- мурундун бүтүшү, суу куюлушу;
- бат-бат кургак жөтөл;
- тамактын кызаруусу;
- үндүн кырылдашы;
- көздөн жаш агуу;
- моюн, желкенин шишип оорусу;
- кулактын оорушу;
- жарыкты карай албай калуу;
- баш оору;
- 1-2 күндөн кийин денеге кызылдар чыга баштайт.

Автор: Улукбек кызы Асем > 284 статей