БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Элчи Абдылдаев: жакында чек ара маселеси боюнча жакшы жаңылык угабыз

Элчи Абдылдаев: жакында чек ара маселеси боюнча жакшы жаңылык угабыз

Сүрөт: rus.azattyk.org

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев жакынкы убактарда тараптар чек араларды делимитациялоо процесси жөнүндө "жакшы жаңылыктарды" угарын билдирди.

11-июнда "Озоди" радиосунун журналисти Душанбеде өтүп жаткан Эл аралык суу конференциясында Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаевге суроо берип, кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо процесси кайсы этапта экенине кызыкты. Элчи бул маселе боюнча кеңири маалымат берүү ыйгарым укугу эки өлкөнүн чек араларды тактоо комиссиясынын жетекчилеринде гана бар экенин белгилеп, бирок "жакынкы убакта тараптар жакшы жаңылык уга турганын" айтты.

Президент Садыр Жапаров былтыр жыл аягында Баткенге барганда Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айларына чейин такталып каларын айткан.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы президенттер жолуккан маалда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын айтышкан. Чек ара такталбагандыктан суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта байма-бай чыр-чатактар болуп келген. 2021-жылдын апрель-майында жана 2022-жылдын сентябрында чек арада кандуу кагылышуулар болгон.

Автор: Т-Медиа > 361 статей