БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Парламенттин комитети уран казуу боюнча мыйзам долбоорду эки окууда колдоду

Парламенттин комитети уран казуу боюнча мыйзам долбоорду эки окууда колдоду

Сүрөт: Политклиника

Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорду Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитети 11-июндагы жыйынында дароо экинчи, үчүнчү окууда колдоп берди. 

Бул мыйзам долбоорду эми Жогорку Кеңеш экинчи окууда карайт. 

Депутат Чыңгыз Айдарбеков башка 83 элементтке уруксат берүүнү, ал эми уран жана торийге тыюу салуу керектигин сунуштоодо. 

"Өткөн жолу биричи окууда министр мырза өзү айтты "уран жана торийдин көлөмү өтө аз, өндүрүш кылуу максаттыбыз жок. Ошондуктан аларды коштоочу катары бөлүп, чара көрөбүз" деп. Бул чийки заттар өтө аз көлөмдө болсо, тиешелүү чараларды көрүшүбүз керек. Себеби Совет доорунда уранды иштеп чыгып, бүгүнкү күнгө чейин көйгөйлөргө дуушар болуп жатабыз", -деди ал. 

Уран казуу боюнча мыйзам долбоорду парламент 29-майда биринчи окууда кабыл алып бергенАнда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев баяндама жасады. Ал депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, мыйзам долбоор уран жана торий эмес, башка кендерди алуу максатты көздөй тургандыгын айткан.

Аталган мыйзам долбоорду Министрлер кабинети сунуштап жатат. Ага ылайык, Кыргызстанда 2019-жылы кабыл алынган "Уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөөгө байланыштуу ишке тыюу салуу жөнүндө" мыйзамын күчүн жоготту деп табуу сунушталууда

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан. Мындай пикирин президент ушул жылдын февраль айында Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушууда билдирген. Жапаров кен иштеп баштаса аймакка да, республикалык казынага да ири киреше алып келерин белгилеген.

2019-жылы апрель айында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Алгач бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ушундан улам өкмөт кенди казганы жаткан "Кыргызстандагы ЮрАзия" компаниясынын лицензиясын токтоткон. Парламент уран, торий кендерин иштеткенге тыюу салган мыйзам долбоорду кабыл алган.

Автор: Осмонова Айдана > 509 статей