БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ЖК комитети электрондук тамекиге тыюу салган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

ЖК комитети электрондук тамекиге тыюу салган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

Интернеттен алынды

Парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети 11-июндагы жыйынында электрондук тамекиге тыюу салган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. 

Ага ылайык, Кыргызстанда электрондук чылым колдонууга, сатууга жана алып кирүүгө тыюу салынат. Жыйында мыйзам долбоордун демилгечиси Шаирбек Ташиев баяндама жасап, анда 12 жаштан 22 жашка чейинки улан-кыздардын арасында электрондук тамеки мода айланганын, ата-энелери көзөмөлдөй албай жатканын айтты. 

"Ал тамекинин жыты билинбейт экен. Бул жаңы көрүнүш болгондуктан толук кандуу изилдене элек. Жакын арада Англияда изилдөө жүргүзлгөн. Жыйынтыгында электрондук тамекинин суюктугунда никель уруксат берилген ченемден 9,6 эсе, хром 6,6 эсе, коргошун да көп болуп чыккан. Мунун баары респиратордук ооруларды, рак жана мээнин жабыркашына алып келет", -деди ал. 

Эл өкүлү мыйзам долбоор күчүнө кирсе электрондук тамеки саткан ишкерлерге товарын түгөтүп сатып алганга чейин үч ай убакыт берилерин кошумчалады.

Шаирбек Ташиев документти февраль айында коомдук талкууга койгон. Анда депутат электрондук тамеки чеккендерге 4 миң сом, юридикалык жактарга 6 миң сом айып салууну, саткан жарандарга 5 миң сом, юридикалык жактарга 6500 сом айып чегерүүнү сунуштаган. Ал эми өлкөгө алып киргендерге 150 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пул салуу же бир жылдан эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Автор: Осмонова Айдана > 510 статей