БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Коопсуздуктан улам Курман айт намазы аянттарда окулбайт

Коопсуздуктан улам Курман айт намазы аянттарда окулбайт

Интернеттен алынды

Курман айт намазы коопсуздуктан улам жер-жерлердеги мечиттерде гана окулат. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы бул чечим тууралуу 11-июнда кабарлады. 

Намаз убактысы эрте менен саат 7:30га белгиленди.

16-июнда жалпы мусулман коомчулугу Курман айт майрамын белгилейт. 15-июнь арапа күнү болот. Буга байланыштуу кыргызстандыктар үч күн катары менен - 15-16-17-июнда эс алышат.

Курман айт Орозо айттан 70 күндөн кийин жана ажылык зыяраттын соңунда болот. Орозо айт быйыл 21-апрель жума күнү белгиленген. Кыргызстандык зыяратчылардын быйылкы ажылык сапары 3-июндан башталган. Муфтият билдиргендей, Кыргызстан үчүн 6060 квота берилген. Зыяратчылардын 4 миңи Оштон учса, калгандары 5-10-июнь аралыгында Бишкектен учуп кетишти.

Эске салсак, 10-апрелде Орозо айт намазы да коопсуздукка байланыштуу мечиттерде окулган. Жыл сайын Айт жана Курман айт намаздары шаарлардын аянтарында окулуп келген. 

Автор: Осмонова Айдана > 509 статей