БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында гемодиализ борбору курулат

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында гемодиализ борбору курулат

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында гемодиализ борбору курулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кувейттин "Ас-Сафа" кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчилигинин төрагасы менен бирге Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барган.  Алар борбордун аймагындагы 1995-жылдан бери бүтпөй келген үч кабаттуу имаратты көрүп чыгышкан. 

Бейшеналиев имарат курулуп бүтсө, гемодиализ борборунан тышкары эндокринология, нефрология жана башка бөлүмдөрдү жайгаштырууга болорун билдирген.

Автор: Осмонова Айдана > 587 статей