БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Экс-муфтий Аалымдар Кеңешинин төрагасы болду

Экс-муфтий Аалымдар Кеңешинин төрагасы болду

Сүрөт: Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы

Мурдагы муфтий Замир Ракиев Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу Муфтияттан билдирди.

Замир Ракиев 26-январда өз калоосу менен муфтийликтен кеткен. Ал Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчылыгына 2021-жылы июнда шайланган.

Ракиев 46 жашта Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Шамшы айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Бишкек борбордук мечитинин Куран жаттоо медресесин аяктаган.

Ал эми муфтийлик кызматка кечээ, 10-февралда Абдулазиз Закиров дайындалды. Закиров 45 жашта. Ал Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жети-Кошкон айылында туулган. Түркиянын Стамбул шаарынан билим алган.

Автор: Осмонова Айдана > 509 статей