БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

CAFA чемпионаты: бүгүн Кыргызстандын кыздар курамасы Өзбекстан менен беттешет

CAFA чемпионаты: бүгүн Кыргызстандын кыздар курамасы Өзбекстан менен беттешет

Сүрөт: КФС

Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) футзал боюнча аялдар арасындагы чемпионатта Кыргызстандын курама командасы Өзбекстандын курамасы менен беттешет. 

Беттеш бүгүн, 11-февралда саат 17:00до башталат. 

Эске салсак, Кыргызстандын курама командасы 5-февралда Тажикстандын оюнчулары менен беттешип, аларды 4:2 эсебинде жеңген.  Ал оюнда Кенжебүбү Ырысбек кызы эки, Нурсулуу Мурзакулова менен Медина Рысбекова бирден гол киргизген. Биринчи турдагы оюнда кыргызстандык кыз-келиндер түркмөнстандык атаандаштарын 3:1ге уткан.  Ал эми 7-февралда Ирандын оюнчуларынан  11:0 эсебинде жеңилишти

CAFA Women's Futsal Championship 2024 мелдеши Тажикстандын борбору Душанбе шаарында 4-февралда башталган.

Автор: Осмонова Айдана > 509 статей