БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

CAFA: Кыргызстандын курамасы үчүнчү орунду ээледи

CAFA: Кыргызстандын курамасы үчүнчү орунду ээледи

Сүрөт: КФС

Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) аялдар арасындагы чемпионатында Кыргызстандын кыздар курама командасы үчүнчү орунду ээледи. Улуттук курама акыркы турда Өзбекстан командасына 2:8 эсебинде утулуп калды.

Жыйынтыгында алты упай менен кыргызстандыктар Иран жана Өзбекстандан кийин үчүнчү орунду ээледи.

Эске салсак, CAFA Women's Futsal Championship 2024 мелдеши Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында 4-февралда башталган. Кыргызстандын курама командасы 5-февралда Тажикстандын оюнчулары менен беттешип, аларды 4:2 эсебинде жеңген. Ал оюнда Кенжебүбү Ырысбек кызы эки, Нурсулуу Мурзакулова менен Медина Рысбекова бирден гол киргизген. 

Биринчи турдагы оюнда кыргызстандык кыз-келиндер түркмөнстандык атаандаштарын 3:1ге уткан. Ал эми 7-февралда Ирандын оюнчуларынан 11:0 эсебинде жеңилип калышкан.

Автор: Осмонова Айдана > 509 статей