БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сот журналист Эрмек Аттокуровду үй камагына чыгарды

Сот журналист Эрмек Аттокуровду үй камагына чыгарды

Сүрөт: Эрмек Аттокуров соцбаракчасынан алдынды

10-февралда Бишкектин Свердлов райондук соту журналист Эрмек Аттокуровдун бөгөт чарасын карап, 28-февралга чейин үй камагына чыгарды.

Журналистке 28-февралга чейин Бишкек шаарынан жана Сокулук районунан сыртка чыгууга чектөө коюлган. 

Аттокуров укук коргоо органдарынын кызматтык адамдарынан 1 миллион сом опузалап талап кылган деп шектелүүдө. 
Чүй облустук милициясы 8-февралда Аттокуров талап кылган сумманын 100 миң сомун алып жатканда кармалганын кабарлаган.  Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап талап кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 

Эрмек Аттокуров буга чейин НТС, жана "Бешинчи канал" телеканалдарында иштеген. Соңку бир жылдан бери социалдык баракчасы аркылуу милиция кызматкерлеринин ишин сындап келет

Автор: Осмонова Айдана > 510 статей