БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкекте журналисттердин "Чындык" форуму өтүп жатат

Бишкекте журналисттердин "Чындык" форуму өтүп жатат

Сүрөт: "Т-Медиа"/ Аймээрим Дарбанбек кызы

Бишкекте иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевди эскерүү иш-чараларынын алкагында бүгүн, 12-февралда Иликтөөчү журналисттер фонду уюштурган "Чындык" аттуу форум өтүүдө. 

Төртүнчү ирет өтүп жаткан форумга өлкөдөгү медиа өкүлдөрү катышууда.  Иш-чарада иликтөөчү журналисттер кабылган тоскоолдуктар, кыйынчылыктар тууралуу талкуулар өтөт. Ал эми форумдун акырында 2023-жылга карата мыкты делген журналисттик иликтөөлөр үчүн Улан Эгизбаев атындагы сыйлык тапшырылат. 

Форум жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнүндө өткөрүлүп келет. 

Улун Эгизбаев көзү тирүү болгондо быйыл 12-февралда 34 жашка толмок. Ал 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги журналист сууга чөгүп каза болгонун маалымдаган.

Автор: Максат Боромбаев 

Автор: Осмонова Айдана > 510 статей