БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Аксы окуясында жабыркагандарга жөлөк пулдун өлчөмү көбөйтүлдү

Аксы окуясында жабыркагандарга жөлөк пулдун өлчөмү көбөйтүлдү

Сүрөт интернеттен алынды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, 5-февралдан тартып Аксы окуясында жабыркагандардын жөлөк пулу көбөйтүлдү. Ага ылайык, сумма 3700 сомдон 4500 сомго жогорулаган.

Министрлик кошумча жөлөк пулдун бул түрүн алуучуларга 2023- жылдын 1-сентябрынан тартып кайра эсептөө жана төлөө жүргүзүлөрүн кошумчалады. 

Мурда жөлөк пулдун суммасы 3 миң 700 сом болгон.

2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты киши курман болгон. Нааразы болгон эл мурдагы президент Аскар Акаевге импичмент жарыялоо демилгесин көтөргөн. Ошондой эле камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө тууралуу талаптар менен чыгышкан.

Демонстранттарды токтотуу үчүн Боспиекте тартип коргоо кызматкерлери күч колдонуп, ок чыгарган. Бул боюнча тартип коргоо органдары тарабынан атайын "Тайфун" операциясы уюштурулган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгына ылайык, 17-март Аксы окуясынын курмандыктарын мамлекеттик деңгээлде эскерүү күнү деп жарыяланган. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 284 статей