БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Т-Медианын" иликтөөсү Уланбек Эгизбаев атындагы атайын сыйлыкты жеңди

"Т-Медианын" иликтөөсү Уланбек Эгизбаев атындагы атайын сыйлыкты жеңди

Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкты тапшыруу аземи

Жыл сайын ыйгарыла турган журналист Уланбек Эгизбаев атындагы атайын сыйлыкты "Т-Медианын" "Оштун паркын омургандар" аттуу иликтөөсү алды. Материалды Мээрим Абдилажанова, Даяна Данияр кызы, Зыягүл Болот кызы жана Келдибек Маматжумаев даярдаган.

Аталган иликтөөдө Ош шаарындагы Алишер Навои паркынын 12 жер тилкеси менчиктештирилип кеткени сөз болот. Журналисттер ал жерлерди кимдер ээлеп турганын жана алар кандай максатта иштетип жатканын аныктаган.

Ошондой эле Кенжебү Маматсадыкованын базардагы мыйзамсыздыкты чагылдырган "Каракталган Кара-Суу базары" жана Зыягүл Болот кызынын "Кара-Суу РЭТ казынага кантип кол салган?" аттуу иликтөөлөрү диплом менен сыйланды. 

Бул жылы сынакка катышуу үчүн 65 журналисттик иликтөө келип түшкөн.

Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Уланбек Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда тапшырылат.

Чыгаан журналист 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 284 статей