БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү башталды. Кимдер толтурат?

Салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү башталды. Кимдер толтурат?

Интернеттен алынды

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү башталганын маалымдады. 

Ал эки этап менен өтөт: 

 

Кантип тапшырасыз? 

Декларацияны электрондук түрдө же кагаз жүзүндө толтурса болот. Эгерде электрондук түрдө толтурам десеңиз сизде салык кызматынын сайтында “Жеке кабинетиңиз”болушу керек. Ага киргенден кийин форманы тандап, декларацияны толтуруу үчүн Е-декларация модулун ачасыз. Андан кийин бирдиктүү салык декларациясын STI-100 формасын толтуруп жөнөтөсүз. Ал эми кагаз түрүндө толтурууну калагандар жашаган жериндеги Салык кызматына кайрылат.

Декларация тапшырбаса эмне күтөт?

Эгерде декларация убагында толтурулбаса, жеке жактар 1000 сом, юридикалык жактар 5000 сом айып пул төлөшөт. Ал эми мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер 3000 сом төлөйт. Декларация тапшыруу менен мамлекет ар бир жарандын социалдык статусу жөнүндө маалымат алып турат.

Автор: Осмонова Айдана > 510 статей