БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Т-Медиа" ЖМК катары катталган. Юстиция министрлигинин маалыматы жалган

"Т-Медиа" ЖМК катары катталган. Юстиция министрлигинин маалыматы жалган

"Т-Медианын" коллажы

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков "Жети медиа жалпыга маалымдоо каражаты" деген күбөлүгү жок иштеп жатканын билдирди. Мындай маалыматты ал өткөн жумада "Говори ТВ" менен НТС телеканалынын түз эфиринде "ЖМК тууралуу" чуулуу мыйзам долбоорду талкуулап жатканда айткан.

Сыдыков "ЖМК катары эмес, юридикалык жак катары гана катталып ишеп жатат" деген медиалардын катарына "Т-Медианы" да кошкон.

"Ошол эле "Kloop Media", 24.kg, kaktus.media, "Арча медиа", "T-Meдиа", "Темиров лайф" жана Говори ТВнын ЖМК деген күбөлүгү жок. Эмнеге айтып берейин. Сиздер юридикалык жакты түзүп алып, ошол менен иш алып барып жатабыз дейсиңер. Жарандык кодекстин 84-беренесинин негизиндер силер "Лицензия" уруксат кагаз алышыңар керек. Сиздердики мисалы, "Айт медиа маалымат агенттиги деген ОсОО экен".

Бирок Сыдыковдун "Т-Медиа" тууралуу айтканы жалган. Аны расмий органдар берген документтер менен далилдеп беребиз.

Орозбек Сыдыков белгилеген "Жарандык" кодекстин 84-беренеде "Юридикалык жак тизмеси мыйзам тарабынан аныкталуучу ишмердиктин айрым түрлөрүн атайын уруксаттын (лицензиянын) негизинде гана ишке ашыра алат" деп жазылган.

Чынында "T-Media Групп" телеканалы 2018-жылы "Жаш FM" ЖЧКсынын алдында түзүлүп, жалпыга маалымдоо каражаты катары 10157 номери менен Юстиция министрлигине катталган. Документке мекеменин юридикалык жактарды каттоо башкармалыгынын башчысы Эмир Зулпуев кол койгон. Ал эми "Жаш FM" ЖЧКсы юридикалык жак катары каттоодон өткөн.

2018-жылдын 11-октябрында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "T-Meдиага" аналогдук жана санариптик пакетке телеканалды жайгаштырууга мөөнөтсүз уруксат берген. Башкача айтканда, редакция ЖМК катары телеберүү боюнча иш жүргүзө алат.

Мындан тышкары мамлекеттик Байланыш агенттиги 2015-жылы "Т-Медиага"  мөөнөтсүз лицензия берген.

Жыйынтык: Юстиция министринин орун басарынын "Т-Медиа" тууралуу айтканы чындыкка дал келбейт. Редакция 2018-жылы мекеменин каттоосунан өтүп, расмий иштеп келет. 

Автор: Т-Медиа > 323 статей