БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Европанын шоколад кампасына жумушчулар керекпи?

Европанын шоколад кампасына жумушчулар керекпи?

Сүрөт: "Т-Медиа"

Берлинде Milka компаниясынын кампасына жумушчу керек деп, айына 3100 доллар же 270 миң сомдой маяна убадаланган. Чет өлкөдөн жумуш издеп жаткан катталуучуларыбыздын бири "Инстаграмда" ушундай жарыяга туш болуптур. 

Ал билдирүүнүн алдына өз номерин калтырган соң, белгисиз жарандар видеобайланыш менен сүйлөшүп, документтерди көрсөтүүнү өтүнгөн. Катталуучубуз аларга документтерди көрсөтүүдөн чочулап, бизге маалыматты текшерип берүү өтүнүчү менен кайрылды. 

Биздин каарманга байланышка чыккан адам өзүн жарандарга жумуш табууда жардам берген Manpower компаниясынын кызматкери Роман Зубрёв деп тааныштырган. 

Компаниянын расмий сайты катары  man-power.org сайтын көрсөткөн.  Жумушка орношуу үчүн эч нерсе керек эместигин айтып, жөн гана документтериңизди текшерип алалы деп жүзүн көрсөтпөй видеобайланыш менен чалган. Анан Кыргызстанда шылуундарга алдангандар көп экенин билерин белгилеп, ага гана ишенүүнү сунуштаган. 

“Кызматкер катары эмес, жөн эле адам катары айтайын. Эгер сиздер чын эле чет өлкөгө иштегени кеткени жаткан болсоңор, сиздерди алдабай турган компания менен кызматташыңыздар. Себеби, сиздердин өлкөдө шылуундук боюнча өтө көп  учурлар катталыптыр. Коркуп жаткан болсоңор, биз менен иштешкиле. Биз сиздерди алдабайбыз” - деген. 

Алгач алар жиберген шилтемени карап көрөлү. Whois Lookup сервиси аркылуу аталган  сайттын домени ушул эле айда 4-ноябрда каттоодон өткөнүн биле алдык. Адатта шылуундар маалымат компаниясын баштоо алдында жаңы сайттарды каттаган учурлар буга чейин болуп келген. 

 

Ал эми, сайттардын коопсуздугун текшерип берген ScamAdviser сервиси  шилтемени анализ кылып, ишенимсиз деген бүтүм чыгарды.

Сервис сайттын ээси өздүгүн жашырганы, ага кирген колдонуучулардын аз экенин жана анын жакында эле катталганы күмөн жаратарын маалымдады. 

Ачык булактарда manpower компаниясынын Германиядагы филиалына таандык делген башка сайт бар.  ScamAdviser ушул сайтты ишенимдүүрөк деп көрсөтүп жатат. Ал көптөн бери иштетилип келген жана  2021-жылы кайра каттоодон  өткөн. 

Ал эми Орусиядагы филиалы деп көрсөтүлгөн башка сайтта компаниянын атынан шылуундар жумуш сунуштап байланышып жатканы, аларга ишенбөө керектиги эскертилген билдирүүнү да көрсөңүз болот. 

Жыйынтык: Европанын шоколад кампасына жумушчулар керектиги тууралуу “Инстаграмда” тараган маалымат чындыкка дал келбейт. 

Автор: Наргиза Анарбай кызы
 

Автор: Осмонова Айдана > 730 макала