БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Футбол: "Ак шумкарлар" "Тайбейди" жеңди

Футбол: "Ак шумкарлар" "Тайбейди" жеңди

sport.akipress

Кыргызстандын футбол курама командасы Кытайдын Тайбэйин 0:2 эсебинде утуп алды. Тайвандын  Гаосюн шаарында "Наньцзы" стадионунда өткөн оюндун экинчи  бөлүгүнүн 52-мүнөтүндө Кыргызстандын оюнчусун каршылашы кулатып, пенальти жаралды. Топту Валерий Китчин тээп, алгачкы голду жаратты. Ал эми оюндун 79-мүнөтүндө Кыргызстандын курамасынын оюнчусу Кай Мерк 2-голун киргизди.

 

Ал эми аталган командалардын жооптук беттеши 26-мартта Бишкетеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Аталган квалификациялык оюндары үчүн чүчүкулактын жыйынтыгында 4 командадан турган 9 тайпа түзүлгөн. Кыргызстандын курамасы Оман, Малайзия жана Кытайлын Тайбэй курама курамалары менен кошо "D" тайпасында жайгашкан.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей