БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Хирург, профессор Эрнст Акрамов каза болду

Хирург, профессор Эрнст Акрамов каза болду

Эрнст Акрамов/ Сүрөт интернеттен алынды

Белгилүү дарыгер, хирург жана окумуштуу Эрнст Акрамов 88 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу анын кесиптештери кабарлады. Ал өмүрүнүн аягына чейин Чүй облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүн жетектеген.

Эрнст Акрамов 1936-жылы Фрунзе шаарында туулган. Медициналык институтту аяктап, хирургия багытын тандаган. Ал Кыргыз Республикасынын Баатыры, белгилүү хирург, медицина илиминин доктору жана профессор. Мамлекттик эң жогорку сыйлыктарга татыган. 2009-жылы Эл баатыры наамын "Ак шумкар" орденин алган. Мындан сырткары көптөгөн эл аралык сыйлыктардын лауреаты.1989-1992-жылдары СССРдин эл депутаты болгон. 

2002-жылдан тартып Саламаттык сактоо министрлигине караштуу реконструкция-калыбына келтирүү хирургиясы илимий борборунун директору болуп эмгектенген. Ошондой эле Кыргыз-орус славян университетинин госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору болгон. 2007-жылы Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 388 макала