БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Президент Акылбек Жапаров баш болгон бир катар жетекчилерге сөгүш жарыялады
Өлкө башчы Садыр Жапаров министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, анын орун басары Эдил Байсаловго, билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева жана санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаевага сөгүш берди. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.
Билдирүүдө буга мугалимдерге сапатсыз ноутбуктарды сатып алуу негиз болгону айтылды.
Тизмеде мындан сырткары президенттин жана өкмөттүн чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жипариса Рысбекова, тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Медербек Өмүрбеков дагы бар.
Буга чейин министрлик быйылкы окуу жылынан мугалимдерге 24 миң ноутбук акысыз берилерин кабарлаган. Алар табигый илимдер боюнча сабак өткөндөргө таратылмак. Аны сатып алуу үчүн 1,5 млрд сом бөлүнгөн.
Автор: Улукбек кызы Асем > 413 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat