БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ИИМ бардык телефон чалууларды жаздыра баштадыбы? Текшеребиз

ИИМ бардык телефон чалууларды жаздыра баштадыбы? Текшеребиз

Коллаж

"Эми сиздин телефон чалууларыңызды, мессенджерлердеги кат алмашууларыңызды ИИМ жаздыра баштайт".

Сизге да мындай билдирүү келдиби? Бир нече күндөн бери WhatsApp мессенджеринде ушундай кат тарап жатат. Азыр андагы күмөндүү учурларды тизмектеп беребиз. 

Биринчиден, Ички иштер министрлиги мындай маалыматты ачык жарыяламак. Бирок алардын расмий сайтына жана соцтармактагы баракчаларына билдирүү чыккан эмес. Министрлик өзү да маалыматты "Т-Медиага" төгүндөдү.

"Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Мессенджерлерде тарап жаткан билдирүү боюнча териштирүү жүргүзөбүз", - деди мекеменин басма сөз катчысы Замир Сыдыков. 

Экинчиден, катты жакшылап окусаңыз CDMX системасы жөнүндө сөз болуп жатат. Бирок бул аталышты узартканда эч кандай системанын аталышына туура келген жок. Болгону Мексиканын борбору болгон Мехиконун расмий аталышы гана ушундай жазыларын таптык. 

Үчүнчүдөн, текст башка тилден которулганын байкасаңыз болот. Бизде мындай күмөн жаралгандыктан, аны чет тилдеринде да издеп көрдүк. 

Көрсө мындай билдирүү интернетте 2017-жылдан бери эле тарап жатыптыр. Ал Казакстанда, Орусияда да жарыяланган.

Бул билдирүүлөрдүн орусчасы азыркы маалымат менен сөзмө-сөз окшош экенин байкасаңыз болот. 

Каттын фейк экенин ошол жылдары расмий маалыматтарга таянып жергиликтүү басылмалар, жалган маалыматты текшерген factcheck.kg, factcheck.kz сайттары да жазган. 

Жыйынтык: фейк. Кыргызстанда телефон чалуулардын, кат алмашуулардын баарын Ички иштер министрлиги жаздырып жатканы жалган. Бул билдирүү 2017-жылдан бери ай кайсы тилде тарап келет. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 140 статей