БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Яндекс такси" Кыргызстанда монополист ишканалардын реестрине киргизилди

"Яндекс такси" Кыргызстанда монополист ишканалардын реестрине киргизилди

Интернеттен алынды

Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

2023-жылы ноябрда Орусиянын бийлиги "Яндекс.Таксини" комиссиясы, баасы, жүргүнчүлөрдү жана айдоочуларды бөгөттөгөнү үчүн сынга алган. Компанияны рынокто үстөмдүк кылган сервис катары таанып, монополияга каршы чаралар көрүлөрүн эскерткен.

Казакстанда монополияга каршы жүргүзүлгөн чаралардын негизинде былтыр декабрда "Яндекс.Такси" административдик жоопкерчиликке тартылып, 6,5 млн доллар төлөп бергени маалымдаган.

Компания 2023-жылы Кыргызстанда каттоодон өткөн.

Автор: Осмонова Айдана > 509 статей