БАШКЫ БЕТ > Фактчек

Интерпол шылуундарга алдангандардын акчасын кайтарып жатабы? Текшеребиз

Интерпол шылуундарга алдангандардын акчасын кайтарып жатабы? Текшеребиз

"Т-Медианын" коллажы

Интерпол 24төн ашык брокерди кармап, алардын шылуундук кылган акчасын ээлерине кайтарып берип жатабы? Социалдык тармактарда BBC телеканалынын жаңылыгы катары дал ушундай маалымат тарап жатат.

 

 

 

 

 

 

Маалыматты текшерип берүү өтүнүчү менен «Т-Медиага» катталуучубуз кайрылды. 

Видео «Инстаграмда» 2-майда Krachek аттуу баракчада пайда болгон. Тасмада BBCнин берүүсүнүн дизайны колдонулган. Анда брокер-шылуундардын айынан инвесторлор 2 млрд доллардан ашык жоготкону айтылат. Бирок бийлик буга ыкчам реакция жасап, ишти Интерполго өткөрүп берген. Натыйжада шылуундар кармалып, уурдалган акчалар ээлерине кайтарылып бериле баштаган.

Чынында Интерпол (Эл аралык кылмыш иликтөө полициясы) улуттук бюросунун башкы катчысы Jurgen Stock 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасап, укук коргоо органдарындагы гендердик тең салмактуулуктун маанилүүлүгү тууралы айтып берген. Бул кайрылуу 2021-жылдын 8-мартында Интерполдун YouTube каналына жарыяланган. Башкача айтканда, видео үч жыл мурда тартылган жана анда брокер-шылуундар тууралуу такыр маалымат болгон эмес. Бул жөн гана социалдык тармактардын колдонуучуларын кайырмакка илүүнүн дагы бир ыкмасы. 

Шылуундардын торуна илингендерге жардам көрсөтүү тууралуу күмөндүү маалымат буга чейин дагы тараган. Мисалы, өткөн аптада  президент Садыр Жапаровдун үнү жасалмаланып, шылуундардын кайырмагына илингендерди коргоо жана аларга каражаттарын кайтаруу боюнча комитет түзүлгөнү тууралуу маалымдалган. Ал үчүн берилген шилтеме аркылуу өтүп, юридикалык акысыз консультация алуу үчүн онлайн арыз калтыруу сунушталган. Бирок текшере келгенде бул маалымат фейк болуп чыккан.

Фейк жаратуучулар азыркы тапта түрдүү ыкмаларды колдонууда. Өз максатына жетүү үчүн жогоруда айтылгандай BBCнин дизайнын колдонгондой эле башка медиалардын дагы логотип, дизайндарын колдонуп жүрүшөт. Алар журналисттердин берүүлөрүн пайдаланып, буга чейин дагы жалган маалымат таратканын «Чекит Медиа» аныктаган. Мисалы, 24.kg  редакциясынын тасмаларын колдонуу менен Goji Cream беттеги бырыштарды кетирип, 15-20 жылга жашартаары тууралуу маалымат тараган.  Текшере келгенде бул кремдин таң калычтуу касиети жалган болуп чыккан. 

Мындан тышкары «Ала-Тоо 24» телеканалынын берүүлөрүн колдонуп, экс-депутат Карганбек Самаковдун ысымына байланышкан фейк жайылган. Анда Самаков Алия менен биргеликте кыргызстандыктардын бакубаттуулугу үчүн долбоор баштаганы айтылган. Бул маалыматтар дагы төгүндөлүп, жалган болуп чыккан. 

Жыйынтык: жалган. Интерпол Европа боюнча 24төн ашык брокер-шылуундарды кармаганы боюнча маалымат чындыкка дал келбейт. Фейк жаратуучулар BBC телеканалынын логотибин жана дизайнын колдонуп, алардын жаңылыгы катары беришкен.
 

Автор: Т-Медиа > 361 статей