БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кайра шайлоо: Ош окуругунан алты талапкер арыз берди

Кайра шайлоо: Ош окуругунан алты талапкер арыз берди

Коллаж Т-Медиа

Борбордук шайлоо комиссиясынын 26-марттагы маалыматы боюнча, №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча алты талапкер арыз берди. 

Алар өзүн-өзү көрсөткөн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу, Авазбек Абдугапаров, ОшМУнун окутуучусу Абдивали Балтабаев, Ош шаардык кеңешинин депутаттары Максатбек Маматкулов жана Бекболот Арзибаев, Оштогу муниципалдык "Жылуулук камсыздоо" ишканасынын директору Бекмурза Эргешов. 

Талапкерлердин арыздарын кабыл алуу 28-мартка чейин уланып, каттоо иштери 8-апрелге чейин болот. Ал эми үгүт иштери 8-27-апрелдин таңына чейин жүргүзүлөт. 

Боршайокм 13-мартта №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген депутат Айбек Осмоновдун мандатын өзүнүн арызынын негизинде алганын жарыялаган.

Президент Жапаровдун жарлыгы менен №2 Баткен, №9 Кара-Суу  жана №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге белгиленген. Аталган округдарда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар делген Жогорку Кеңештин депутаттары Нурлан Ражабалиев менен Искендер Матраимовдун ордуна эл өкүлү шайланат. 

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей