БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Камчыбек Ташиев "Крокус Сити Холлдогу" окуя боюнча үн катты

Камчыбек Ташиев "Крокус Сити Холлдогу" окуя боюнча үн катты

Сүрөт: sputnik.kg

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Москвадагы "Крокус Сити Холлдогу" куралдуу кол салууга байланыштуу пикирин билдирди. Ал бүгүн, 30-мартта “Фейсбуктагы” баракчасына бул окуядан улам Орусияда мигранттарга каршы маанайдын жаралуусуна жол берилбесине үмүт кыларын жазды.

"Кыргызстан "Крокус Сити Холлдогу" окуяга терең кайгыруусун билдирет. Террорчулардын улуту болбойт. Улуттук касчылыкты козуткусу келген террорчул уюмдарга жетеленип бүтүндөй бир улутту айыптоого, Орусиядагы мигранттарга каршы маанайдын түзүлүшүнө жол берилбеши керек. Өзүм тараптан Тажикстандын атайын кызматынын чынчыл экенин белгилеп кетейин. Алардын террористтик жана экстремисттик уюмдарга каршы күрөшү тынымсыз уланып жатат. Азгыргандардын таасирине бардык эле өлкөнүн жарандары кабылып калышы ыктымал эле. Теракт уюштурууга буйрутма бергендер бир өлкөнүн жарандарын жөн жерден тандап алган жок. Достук мамиледеги мамлекеттердин атайын кызматтарынын биргелешкен аракеттери “псевдоисламчылардын” кылмыштуу ниетинин ишке ашуусуна жол бербейт деп ишенем”.

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарындагы "Крокус Сити" деп аталган борборго төрт куралчан адам кирип барып, концерт көргөнү барган адамдарды аткылай баштаган. Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (террордук акт) негизинде иш козгоп, териштирүү баштаган.

Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын, алардын төртөө "теракттын катышуучусу" экенин маалымдады. Ал эми Ички иштер министрлиги кармалган төрт киши тең чет элдик экенин маалымдады, бирок кайсы өлкөнүн жарандары экенин тактаган жок.

Орус бийлигине жакын бир катар Телеграм-каналдар жана саясатчылар кармалгандар Тажикстандын жарандары же орус паспорту бар тажик улутундагы адамдар экенин жазып чыгышты. Москва расмий түрдө андай маалымат бере элек.

Автор: Улукбек кызы Асем > 257 статей