БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик кайра жанданганын билдирди

Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик кайра жанданганын билдирди

Сүрөт: УКМК

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдөгү кырдаалдын үчүнчү терс көрүнүшү катары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында аткезчилик кайра жанданганын айтты. Бул тууралуу ал 30-ноябрда атайын кызматтын Балыкчы шаардык бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында билдирди. 


УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Ташиев буга байланыштуу мамлекеттик бийлик жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине Баткен облусунун аймагындагы аткезчиликти толугу менен токтотууга багытталган иш-чараларды күчөтүү зарылчылыгын белгилеген.

Атайын кызмат 16-21-ноябрь күндөрү Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Арка айылында аткезчиликке байланыштуу бир нече факты катталганын маалымдады. Анда жалпы суммасы эки миллион сомго жакын товар алынган.

Автор: Т-Медиа > 361 статей