БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

#Тендерчек: бир ишке төрт жолу тендер өткөргөн окуу жай

#Тендерчек: бир ишке төрт жолу тендер өткөргөн окуу жай

"Т-Медианын" коллажы

Бул фасадды оңдоп түзөөгө жалпы жонунан 20 миллион сомдон ашуун каражат сарпталды десек ишенесиздерби? Алдыда Ош технологиялык университети имаратынын сыртын жасоого бир эмес төрт ирет тендер өткөрүп, миллиондогон сумманы кантип коротуп жатканын айтып беребиз. 


26-октябрда Оштогу Муса Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин 60 жылдык мааракеси болгон. Окуу жай майрамдык салтанатка жайдан бери кызуу даярдык көрүп келген. Эң негизгиси, башкы корпустун сырткы келбети ушул иш-чарага карата оңдоп-түзөөдөн өттү. 

Бирок салтанаттан кийин окуу жай башкы корпустун фасадын оңдоого деп кайрадан тендер жарыялады. Окуяны иликтеп берүү өтүнүчү менен биздин редакцияга окурмандар кайрылды. Биз мурда жана азыр жарыяланган төрт тендерди текшерип көрдүк. 

Алгач мааракеге карата өткөрүлгөн тендерлерди карап көрөлү. Биринчи тендер 13-июнда жарыялаган. Анда ОшТУ башкы корпусунун сырткы фасадын оңдоо үчүн дээрлик 19 миллион сом коротмок болгон. Конкурска алты компания катышып, жыйынтыгында 14 миллион 840 миң сом сунуштаган "Модерн групп" компаниясы утуп чыккан.   

"Модерн групп" ЖЧКсы  Юстиция министрлигинен 2023-жылы кайра каттоодон өткөн. Компания  турак-жай жана турак-жай эмес имараттарды куруу менен алектенет. Ал эми анын негиздөөчүсү жана директору – Сабиров Муратбек Улукбекович.  

Мааракеден үч жума өткөн соң, тагыраагы 16-ноябрда мамлекеттик сатып алуулар порталында кайрадан  тендер жарыяланган. Ал деле университеттин башкы корпусунун фасадын оңдоого арналган. Бул ишти бүтүрүүгө ОшТУ 2,5 миллион сом жумшаганы турат. 

Ректор Жанболот Турсунбаев майрамга карата университеттин имаратынын сырты шашылыш бүтүп калганын, мындан улам калган иштерге тендер жарыяланганын айтты. 

"Биз майрамга карата сыртын шашылыш бүткөргөнбүз. Ошондо башкы корпустун үстү жагындагы эң башкы кабаты тендерге кирбей калган. Ал жерде "О", "Билайн", "Мегаком" компанияларынын антенналары турат. Азыр эми иштин аягына чыгаралы деп кайра тендер жарыяладык. Анын жыйынтыгы чыга элек, ким канча сунуштайт, ошого карап иш кылабыз. Азыр бир сом иштетсең дагы тендер аркылуу болуп калды. Каалагандай баа кое албайсың, баары конкурстун негизинде болот", -дейт Жанболот Турсунбаев.  

6 жылдан бери бүтпөгөн иш

Эң кызыгы, буга чейин дагы ошол эле фасадды оңдоп түзөөгө дагы эки тендер өткөрүлгөн. Башкача айтканда ОшТУ имаратын 2017-жылдан бери жасалгалап бүтпөй жатат. 

2017-жылдын август айында Мамлекеттик сатып алуулар порталына башкы корпустун фасадын оңдоого 5 миллион 871 миң 419 сомго тендер жарыялашкан. Анда "Найман" жоопкерчилиги чектелген коому 3 миллион 991 миң 897 сом сунуштап утуп алган. 

Бир жылдан кийин фасадды оңдоо үчүн кошумча иштерге деп  866 миң сомго кайра эле тендер жарыяланып, аны да "Найман" компаниясы жеңип алган. Ошону менен 2017-жылы эле фасадга 5 миллионго жакын каражат жумшалган болчу. 

Ошол кездеги эки тендерди тең жеңип чыккан компания Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылында катталган. Ал 2012-жылдан бери суу курулмаларын куруу менен алектенет. Компанияга ээлик кылган Каныбек Ажиматов 2014-жылы Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Жыйынтык: Ош технологиялык университети башкы корпусунун сырткы фасадын 2017-жылдан бери оңдоп келе жатат. Бул иштерге алты жылда төрт ирет тендер өткөрүлүп, жалпы жонунан дээрлик 22 млн сом сарпталган. 

Автор: Т-Медиа > 323 статей