БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кара-Суу: Салык кызматкери пара алууга шектелип кармалды

Кара-Суу: Салык кызматкери пара алууга шектелип кармалды

Сүрөт интернеттен алынды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Кара-Суу райондук салык кызматынын бөлүм башчысы 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын кабарлады. 

Маалыматка караганда, шектүү тогуз даана автоунааны сырттан ташып келүүдө пайда болгон болжолдуу 650 миң сом салык карызын жашыргандыгы үчүн 100 миң сом пара талап кылган.

 Ал 27-апрелде кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Автор: Анарбаева Наргиза > 156 статей