БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Казакстандагы АЭС куруу боюнча референдум жыйынтыкталды

Казакстандагы АЭС куруу боюнча референдум жыйынтыкталды

Сүрөт интернеттен алынды

6-октябрда Казакстанда атомдук электр станциясынын курулушуна байланыштуу өткөрүлгөн референдумда шайлоочулардын жалпы 63,87 пайызы добуш берүүгө катышышты. Бул маалыматты жекшемби күнү кечинде Астанадагы брифингде Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы Мухтар Ерман билдирди.

Казакстанда 12 миллиондон ашуун шайлоочу бар. Алардын 50 пайызы добуш берсе, референдум өттү деп эсептелет. 

Кечээ, саат 20:00дөгү жагдай боюнча өлкөнүн 7 820 918 жараны бюллетень алган. Референдумда добуш бергендердин саны жагынан Кызылорда  облусу 82,48 % менен биринчиде. Ал эми добуш берүү өтө солгун жүргөн аймак Алматы шаары болду. Ал жакта шайлоочуларды 25,39%ы гана добуш берген.

Маалыматка караганда, референдумдун алдын ала жыйынтыгын Борбордук комиссия бүгүн, ал эми акыркы жыйынтыгын бир жуманын ичинде жарыялайт.

Атомдук электр станциясын Алматынын Улкен айылында Балхаш көлүнүн жээгинде куруу пландалууда. Макулдук берилсе АЭС 2035-жылга чейин курулуп, 11,2 миллиард доллар акча каражаты сарпталары айтылган. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей