БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Ноокат: Медреседе 14 жаштагы бала киши колдуу болду
Ош облусунун Ноокат районунда Мирмахмудов аймагындагы медреседе 14 жаштагы өспүрүм киши колдуу болуп каза болду. Бул тууралуу “Т-Медиага” 7-октябрда Ош облусттук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы кабарлады.
Маркум Куршаб айылынын тургуну болгон. Окуя 6-октябрда орун алган.
Анда 16 жашар бала пикир келишпестиктен улам 14 жаштагы өспүрүмдү учтуу нерсе менен сайып жиберген. Натыйжада ал ооруканага жетпей, алган жараатынан каза тапкан.
“Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган. Маркумдун жансыз денесине соттук-медициналык, экспертиза дайындалган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат”- деп айтылат облусттук ички иштер башкармалыгынын маалыматында.
Кыргызстандын дин башкармалыгы каза болгон өспүрүм медресеге дем салдырууга барганын билдирип жатат.
Автор: Улукбек кызы Асем > 353 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat