БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Көчөдө соода кылгандарга ККМ аппаратын колдонуу 1-январдан тарта милдеттүү болот

Көчөдө соода кылгандарга ККМ аппаратын колдонуу 1-январдан тарта милдеттүү болот

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстанда ишкердиктин бир катар түрүнө көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга милдеттендирүү сунушталууда. Мындай токтом долбоорду 22-ноябрда Экономика жана коммерция министрлиги коомдук талкууга чыгарды. 

 

Ага ылайык, төмөнкү ишкердиктин түрлөрү ККМ аппаратын колдонууга милдеттүү болушат.

  • 1. Алкоголдук продукцияны жана тамеки буюмдарын кошпогондо, гезиттерди жана журналдарды, ошондой эле коштоочу товарларды гезит-журнал күркөлөрүндө сатуу; 
  • 2. Кол арабаларды, көчмө прилавкаларды, күркөлөрдү жана ларекторду пайдалануу менен гүл өстүрүү продукциясын, айыл чарба продукциясын, нан азыктарын, улуттук жана сергитүүчү суусундуктарды чекене сатуу;
  • 3. Цистерналардан/челектерден квас, сүт, улуттук жана сергитүүчү суусундуктарды чекене сатуу.

Министрликтин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабековдун "Т-Медиага" билдиришинче, аталган ишкердиктин түрлөрү бирдиктүү салыкка өтүп ККМ колдонсо, салыктан бошотулат. Бул токтом, патенттин соода тармагында токтотулганына байланыштуу иштелип чыккан. 

Токтомдун долбоорунда жаңы эрежелер 2024-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирери жазылган. 

Буга чейин Салык кызматты Кыргызстанда 2024-жылдын 1-январынан тарта патенттин негизинде соода жүргүзгөн ишкерликтин 12 түрү токтотуларын маалымдаган. Ага ылайык, соодагерлер жалпы же бирдиктүү салык режимин тандашы керек.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей