БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Кемсинткендер болот". Араба түртүп киреше тапкан Матраимов жардамга муктаж

"Кемсинткендер болот". Араба түртүп киреше тапкан Матраимов жардамга муктаж

Сүрөт tmedia.kg

Дубалында президенттин сүрөтү, сыртта жалгыз араба. Эскилиги жеткен чакан сыналгыга кошо тапкан-тутканынын баары жайгашкан жалгыз бөлмө. Бул баткендик Алдияр Матраимовдун өмүрү өтүп жаткан үй.

Жаанда тамчы өтүп, кышында жылыбаган бул турак жайда 65 жаштагы Матраимов дээрлик 35 жылдан бери жалгыз өмүр сүрүп келет. Аксакал күнүмдүк кирешесин сырттагы арабасын сүйрөп жүрүп табат. 

Учурда Алдияр Матраимов үйгө муктаж абалда. Ага турак жай тургузуп берүүнү каалагандар атайын эсеп ачып, акча чогултуп жатат. Биз жаштыгын арабакечтикке байлаган каарманыбыздан элдин ага болгон мамилесин сурадык. 

Матраиов өзү үчүн жалгыз үй тургузуп, ошол кезде оор жумуш менен ден соолугун начарлатып алган экен. Азыр оорудан улам, ага үстөк карылык өзүнүн таасирин берип араба тартканга алы келбей калган. 

"Жаштыкта билбептирбиз, араба тарткан оор жумуш экен"

"Үйүм ушул. Чатыры шыйпыр эмес. Жашаганга болбойт деле өзү. Кышында суук болот. Коңшулар жардамдашат, көмүр алып келип беришет. Жамгыр жааганда тамчы өтөт. Дөңдө үйүм бар. Ошону эле оңдоп кирип алсам болду эле. Полу менен жылуу болмок. Ал жерде сел болбойт. Үйдү кыйынчылык менен өзүм салгам. Ылайды өзүм кылдым. Ошонун баарын өзүм кылам деп ооруп калдым. Бардык жерим ооруйт. Көзүм да ооруйт, көрбөй калды. Дарыландым, болбоду. "Оор иш кылыпсыз" дешти. Эски үйдү бузуп, топурагын ташыдым. Бузуш дагы кыйын экен. Эч нерсеге жарабай калдым. Жаш кезимде иштей берчүмүн. Азыр ден соолугум болбой калды. Дарыланганга акча жетпейт. Ал жакка коротсом, тамак-ашка жетпей калып жатат. Жаш убакта билбептирбиз, араба оор экен. Ага да күч керек экен".

"Кемсинткендер болот"

Матраимовдун айтымында араба тарткандын өзү эле оор эмес, жумуштан улам адамдардан уккан сөздөрү да оор тийет.

"Бири жакшы айтат, бири катуу айтат, кемсинтип сүйлөйт. Өтө кылдаттык менен иштешиң керек да. Бири мактайт, "жашың келип калыптыр балаң жокпу?" дегендер бар. Жумшак эле жооп берем. Катуу айтпайм. Шериктерим андайда акыны көтөрүп таштайт (күлүп). Мен антпейм, бергенин алып коём. Ошого "жумшаксың" дешет. Баарына өзүнө ылайык эле мамиле кылам. Адамдар менен катуу урушпадым. Бирок баары бир нервиң кетет, көңүлүң ооруйт".

"Эл жардам берсе, каршылыгым жок эле"

Алдияр Матраимов өмүрүн кара жумушка байлаган адамдардан. Арабакечтик менен тапкан кирешеси азыр азайып калган.

"Эки күндө 1000 сомго чейин тапчумун. 100 сом түштөнүүмө кетет эле. Азыр ага да жарабай калдым. Бир күнү эптеп чыксам, бир күнү чыга албайм. Арабаны зорго тартып жатам. Колума шишик чыгыптыр. "Ошко бар, жаман оору" дейт. Бара албайм, жалгызмын. Үй-бүлө жок. Атам, иним бар. Алар да ооруп жатат. Анын да эч нерсеси жок. Эл жардам берем деп калса карышлыгым жок эле".

Элдин жакшы-жаман сөзүн угуп жашап, үй-бүлө да күтүү буйрубаганы менен Матраимов өзүн бактылуу адамдардын катарына кошту. Себеби "ушул күнгө чейин эч кимге жамандык кылбадым" дейт. 

"Өкүнгөн күндөрүм көп болду. Үй-бүлө күтө албадым. Аял алдым, бир туугандары бетиме эле айтышты "жалгыз экенсиң" деп. Ажыраштык. Бирок мен өзүмдү бактылуу эле сезем. Себеби эч кимге жамандык кылган жокмун да. Бирөөнүн көңүлүн калтырбадым".

Биздин каарманга колдоо көрсөтүүнү каалагандар ал үчүн акча чогултуп жаткан жарандарга байланышса болот. Төмөндө алар жиберген реквизитти тиркедик. 

Мбанк 0500610098

О! деньги 0500610098

Visa 4127 5400 1390 7444 Nurmukhamed Abdikalyk uulu

Автор: Анарбаева Наргиза > 110 статей