БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жазуучу Олжобай Шакир беш жылга кесилди

Жазуучу Олжобай Шакир беш жылга кесилди

Сүрөт: t-media/Максат Боромбаев

14-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту массалык башаламандык уюштурууга айыпталган жазуучу, публицист Олжобай Шакирге өкүм чыгарып, беш жылга кести.

"Т-Медианын" ушу тапта сотто жүргөн кабарчысы Олжобай Шакир акыркы сөзүн сүйлөгөнүн билдирди. Анда жазуучу эл менен бийликтин ортосундагы байланышты сактоо максатында онлайн митинг деп, ой-пикирди жана талаптарды айтуу болгонун белгилеген.

"Мен онлайн митинг деп айттым. Бирөө "тополоң болду, уктаткан жок" деп чыктыбы? Өрттөп, талкалаганды биз элдик бийлик деп деп түшүнүп калдык. Биз буга жол бербеш үчүн биз демократиялык имиджибизди кайтарып келели дегем. Мейли элдик митингдерге, көчө митингдерге тыюу салдыңар. Жок дегенде онлайн митингдер менен бийлик байланышта болуп турууга эмнеге коркушу керек? Мен ошол үчүн диалог болуп турсун деп онлайн митинг дегем",-деди Шакир. 

Жазуучунун адвокаты Акмат Алагушев чечим мыйзамсыз чыкканын айтты. Ал шаардык сотко аппеляциялык арыз менен кайрыла турганын белгиледи. 

7-майда өткөн соттук отурумда прокурор соттон Олжобай Шакирди коюлуп жаткан айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, жети жылга камакка алууну сураган

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Олжобай Шакирге карата Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("Массалык башаламандыктар") менен иш козгоп, 2023-жылы 23-августта кармап кеткен. Ал өзүнө тагылган айыпты четке каккан. Учурда Олжобай Шакир УКМКнын тергөө абагында кармалууда. 

Атайын кызмат жазуучу "Facebook, TikTok жана YouTube социалдык тармактарында чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдү жайгаштырып, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана жапырт башаламандыкка чакырган билдирүүлөрдү жайгаштырып келгенин, бул боюнча эксперттик корутунду да чыкканын" билдирген.

Олжобай Шакир бийликтин дарегине ачуу сын-пикир айтып келет. Камалганга чейин Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга башкарууга берилишин сындап, ага каршы чыккан. Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди маекке чакырган. 31-августта онлайн митинг өткөрүүнү демилгелеген.

Автор: Т-Медиа > 323 статей