БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Чудиновду "Курулуп жаткан электр станцияларга" башкы директор кылып дайындоо буйругу жокко чыкты

Чудиновду "Курулуп жаткан электр станцияларга" башкы директор кылып дайындоо буйругу жокко чыкты

Сүрөт: "Спутник Кыргызстан"

Мурдагы премьер-министр Игорь Чудиновду "Курулуп жаткан электр станциялар" дирекциясынын башкы директору кызматына дайындоо тууралуу буйрук жокко чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов өзүнүн "Фейсбук" баракчасына жазды. 

Анын маалыматына караганда, өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстандын Конституциясынын 89-беренесинин 3-пунктуна ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Чудиновду "Курулуп жаткан электр станциялар" дирекциясынын башкы директору кызматына дайындоо тууралуу буйругун жокко чыгарган. Ошондой эле Ибраевге мындай чечимди кабыл алууда тийиштүү маалымат бербегендиги үчүн эскертүү берилген. 

Энергетика министринин башка буйругу менен "Курулуп жаткан электр станциялар" ААК дирекциясынын башкы адиси Равшанбек Касымов директордун милдетин аткаруучу болуп  дайындалды.

Игорь Чудиновдун аталган кызматка өткөн аптада дайындалганын Энергетика министрлиги 14-майда жергиликтүү басылмаларга тастыктаган.  

"Курулуп жаткан электр станциялар" дирекциясы 2023-жылы түзүлгөн.

Игорь Чудинов эк-президент Курманбек Бакиевдин тушунда 2007-жылдан 2009-жылга чейин премьер-министр болуп иштеген. 2009-жылдын 6-ноябрында Кыргызстандын өнүктүрүү фондунун башкы директору болуп дайындалган. 2010-жылы Апрель окуясынан кийин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген шек менен кармалып, көп өтпөй эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулган.

Ал 2015-жылы  Жогорку Кеңешке депутат болгон. 2018-жылы парламенттин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун жер ишине байланыштуу козголгон кылмыш ишинде Игорь Чудинов "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, мандатынан ажыратылган.

Автор: Осмонова Айдана > 509 статей