БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Грузиянын парламенти "чет элдик агент" мыйзамын кабыл алды. Тблисиде акция катышуучулары кармалууда

Грузиянын парламенти "чет элдик агент" мыйзамын кабыл алды. Тблисиде акция катышуучулары кармалууда

Сүрөт: BBC

Грузияда талаштуу "чет элдик агент" мыйзамы парламентте толук жактырылды.

Өлкөнүн евроатлантикалык интеграция аракетине коркунуч туудурат жана Орусиядагы ушул сыяктуу репрессиялык мыйзамдын көчүрмөсү деп сынга кабылган мыйзам долбоору өлкө парламентинде 14-майда үчүнчү окууда добушка коюлду. Жыйынтыгында 84 депутат "макул", 30 депутат "каршы" деген добушун беришти. Долбоорду талкуулоо учурунда депутаттардын арасында мушташ чыкты.

Бийликтеги "Грузин кыялы" партиясынын депутаттары добуш берүү аяктагандан кийин дээрлик дароо эле парламент имаратынан чыгып кетишти. Көп өтпөй Руставели атындагы борбордук көчөдө өтүп жаткан нааразылык акциясынын катышуучуларын кармоо башталды.

"Азаттык" радиосунун грузин кызматы кабарлагандай, полиция демонстранттарды алдын ала эскертүүсүз эле кууп таратууга киришти. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги парламенттин алдындагы акция "зомбулук мүнөзгө өткөнүн" белгилеп, 10го жакын киши кармалганын билдирди.

"Интерфакс" агенттиги полиция кызматкерлери парламент имаратынын алдындагы аянттан 200гө жакын кишини сүрүп чыгарганын жазды. Акцияга катышып жаткандардын арасында Тбилисидеги жогорку окуу жайлардын миңдеген студенттери бар экени кабарланды. Алар 14-майда сабактарга бойкот жарыялашкан.

Бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы демилгелеген мыйзам долбооруна бир нече жумадан бери он миңдеген грузин жараны нааразылыгын билдирип келе жатат. Полиция демонстрацияга чыккандарга каршы суу бүрккүч, көздөн жаш агызуучу газ жана желим ок колдонду. Аларга белгисиз бирөөлөр кол салган окуялар да катталды. Митингге чыккандардын бир нечесин күч кызматкерлери кармап кетип жатты.

13-майда парламенттин юридика комитетинде аталган маселе каралып жатканда, оппозиция өкүлдөрүнүн бул жыйынга катышуусуна тыюу салынган. Анда "Грузин кыялын" колдогон депутаттар мыйзамды 67 секунд гана убакыт ичинде карап, жактырып беришкен.

Азыр Грузияда башкаруучу партия болуп турган "Грузин кыялын" кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген.

Президент Саломе Зурабишвили мындай мыйзамга кол койбой турганын билдирген. Бирок өкмөт "Грузин кыялы" партиясында президенттин ветосун жоюуга добуш жетиштүү экенин айткан.

Автор: Т-Медиа > 323 статей