БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Тендердеги мүчүлүштүк: Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына 1 млн сом айып салынды

Тендердеги мүчүлүштүк: Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына 1 млн сом айып салынды

Сүрөт: "Т-Медиа"

10-майда Ош шаардык соту сатып алынган төрт эвакуатор боюнча Ош мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын бир нече кызматкерине чечим чыгарды. 

Соттун чечими менен башкармалыктын жетекчиси Канышай Имарова Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") жана 346-беренеси ("Кызматтык жасалмачылык" боюнча күнөөлүү деп табылган. Ага 1 млн 100 миң сом айып салынган.  

Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси ("Шалаакылык") менен айыпталып жаткан мекеменин башчысынын мурдагы орун басары Курсантбек Матиев күнөөсүз деп табылган. Анын жосунунда кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган.

Ал эми Сатып алуулар бөлүмүнүн адиси Расул Атабаев Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренеси ("Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү") ,337-берене ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу"), 346-берене ("Кызматтык жасалмачылык") жана 370-берене ("Соттун өкүмүн, соттун чечимин же башка соттук актыны аткарбоо") менен күнѳѳлү деп табылган. Бир жылга эркинен ажыратылып, жалпы тартиптеги түзѳтүү абактарында ѳтѳѳсү белгиленген. Бирок "Кыргызстандын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жѳнүндѳ" мыйзамдын негизинде жазадан бошотулуп, сот ага кылмыштардын жыйындысы боюнча 1 млн 50 миң сом айып салган. 

Былтыр Ош шаардык мэриясы 18 млн 800 миң сомго төрт эвакуатор сатып алган. Тендерден "Планета Групп" компаниясы утуп, ар бир эвакуатор 4 млн 700 миң сомго сатып алынган. Алар беш күн ишке чыгып, бирок жүк көтөрүүчү краны талапка жооп бербей, коопсуздуктан улам токтолуган. "Т-Медиа" сынак өткөрүүдө "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзам бузулганын иликтеген.  

Буга байланыштуу Ош шаардык прокуратурасы башкармалыктын башчысынын орун басары Курсантбек Матиевге жана тендерден утуп чыккан компаниянын өкүлүнө "Коруппция" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. 

Автор: Осмонова Айдана > 510 статей