БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: Жапалактын тургундары жол чырак коюп берүү талабы менен нараазычылыкка чыгышты

Ош: Жапалактын тургундары жол чырак коюп берүү талабы менен нараазычылыкка чыгышты

Сүрөт: "Т-Медиа"/ Аймээрим Дарбанбек кызы

Ош: Жапалактын тургундары жол чырак коюп берүү талабы менен 15-майда 30дай тургуну жол коопсуздугун талап кылып нааразычылыкка чыгышты. Жергиликтүүлөр Ош-Ноокат-Баткен автоунаа жолунда көп кырсык катталып жатканын билдиришти.

Алардын айтымында, жакында эле мектепке бара жаткан алты жаштагы баланы "Howo" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа сүзүп кеткен. Ушуну менен жыл башынан бери төрт баланы машина коюп кеткенин белгилешти. 

"Жапалак айылына караштуу ДЭУ участогундагы жолго жол чырак коюлушу керек. Буга чейин мэр Бакытбек Жетигенов келгенде "балдарыбызга кооптуу болуп, окууга бара албай жатат. Светофор коюп бергиле" деп айтканбыз. Ал "тезинен койгула" деп буйрук берген. Андан бери жыйынтык жок. Кечээ (ред-14-май) эле алты жаштагы баланы уруп кетти", -дейт Жапалак айылынын тургуну. 

Жергиликтүүлөр буга чейин шаардык мэрияга бул маселе боюнча бир нече ирет кайрылышкан. Бирок эч кандай жыйынтык болбогонуна нааразы болушууда. Мындан сырткары айыл өкмөт башчынын кайдыгер болуп жатканын сынга алышты. 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №21 Жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Салмоорбек Акматов бир ай ичинде жөө жүргүнчүлөр үчүн атайын жол чырак коюларын  айтты.

"Жөө жүргүнчүлөр үчүн атайын кнопка басканда жашыл болуучу светофор коюлат. Бүгүн (ред-15-май) барып, эл менен жолугуп келдик. 1-2 күндө долбоору даярдалып, бир айдын ичинде коюлат".

Расмий маалыматка ылайык, 2024-жылдын эки айында өлкөдө 1 173 жол кырсыгы катталып, 82 адам каза болуп, 1 673 киши жаракат алган. Өлкөдө 2023-жылы 6 945 жол кырсыгы катталып, андан 783 адам каза болгон. нараазычылыкка чыгышты

Автор: Осмонова Айдана > 509 статей