БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек: Свердлов округунда кайра шайлоо өткөрүү сунушталды

Бишкек: Свердлов округунда кайра шайлоо өткөрүү сунушталды

Иллюстративдик сүрөт

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектеги №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өткөрүүнү президент Садыр Жапаровго сунуштады. Мындай сунушту БШК 15-майдагы отурумунда айтты. 

Бул округдан шайланып келген депутат Шайлообек Атазовдун мандаты 7-майда алынган.  

1-мартта Абдурахманхажи Муртазалиевдин арызынын негизинде Бишкектин административдик соту №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен парламентке депутат болгон Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган. 5-апрелде Бишкек шаардык соту бул чечимди өзгөртүүсүз калтырган.

Жогорку сот 30-апрелде Шайлообек Атазовдун мандаты боюнча буга чейинки эки инстанциянын токтомун жокко чыгаруу боюнча арызын карап, аны мандаттан ажыраткан чечимди күчүндө калтырган.

2022-жылдын 27-февралында Бишкектин Свердлов району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өтүп, анда талапкер Абдурахман Муртазалиев озуп чыккан. Ал эми Шайлообек Атазов экинчи орунду алган. Бирок милиция Муртазалиевдин тарапташтары делген адамдарды добуш сатып алууга шектеп кармаган. Мындан улам Борбордук шайлоо комиссиясы Муртазалиевди депутаттыкка талапкерлердин катарынан чыгарып, Атазов депутат болуп келген.

Ушул жылдын 21-февралда Муртазалиевдин жактоочусу Таалайкүл Токтакунова БШКга кайрылып, Атазовдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуп, мандатты Муртазалиевге берүүнү суранган. Анда ал  буга чейин милиция добуш сатып алууга шектеп кармаган адамдардын Муртазалиев менен байланышы жок экени Свердлов райондук сотунда аныкталганын билдирген.

Автор: Осмонова Айдана > 510 статей